ТҮРКИЯНЫН КООПСУЗ ТУРИЗМ СЕРТИФИКАТЫ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨГӨ ҮЛГҮ БОЛДУ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТҮРКИЯНЫН КООПСУЗ ТУРИЗМ СЕРТИФИКАТЫ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨГӨ ҮЛГҮ БОЛДУ

Түркия Covid-19 падемиясынан улам үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта мейманканаларында коопсуз туризм сертификациялоо иш-чарасын баштаган.



Мунун натыйжасында азыркы күндө Түркияга Украина, Россия, Англия жана Германиядан интенсивдүү түрдө туристтер келе баштады.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия деп жарыялаган Жаңы Коронавирус  (C O V I D - 19) илдетинин жайылышын алдын алуу максатында аткарылып жаткан иш-чаралар, азыркы тапта контролго алынган нормалдаштыруу процессине өттү. Илдетке каршы ийгиликтүү күрөшүүнүн натыйжасында саякат жана туристтик иш-аракеттеринин коопсуз түрдө ишке ашырылуусу максатында дагы деле мейманкана жана туристик объектилерге карата тийиштүү мамлекеттик мекемелер жана уюмдар тарабынан киргизилген эрежелердин толугу менен аткарылуусу талап кылынууда. Түркиянын “Коопсуз туризм” сертификаты – эс алууну Түркияда өткөрүүнү көздөгөн бардык түрк жарандарына жана  чет элдик конокторго, транспорттон баштап мейманчылык кылууга, кызматкерлерден баштап жүргүнчүлөрдүн саламаттыгына кам көрүүдө кеңири масштабга ээ бир катар мүмкүнчүлүктөрдү өзүнө камтыйт.  Аталган сертификат; авиакомпанияларда, аэропорттордо жана башка транспорттук унааларда, турак жайларда жана тамактануу жайларында санитардык-гигиеналык эрежелердин жогорку деңгээлде сакталгандыгын тастыктайт.
Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министирлиги тарабынан демилгеленген  “Коопсуз туризм” сертификациялоо программасы, туристик жайларда аткарылуусу керек болгон санитардык-гигиеналык эрежелерди, ошону менен бирге аталган жайлар тарабынан ишке ашырылуусу керек болгон иш-аракеттерди өзүнө камтыйт. Дүйнөлүк аренада алгачкы жолу колдонулуп жаткан “Коопсуз туризм” сертификациялоо программасы - Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министирлиги тарабынан Саламаттык сактоо, Транспорт, Ички иштер жана Тышкы иштер министирликтеринин көмөгү жана бардык тармактагы мекемелер менен кызматташтыкта даярдалды. 2020-жылдын 4-май күнү Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министирлиги аэропортту, авиакомпанияларды, жолдорду жана туризм объекттерин башкаруу үчүн өз өзүнчө түзүлгөн пандемия протоколдору жана сертификациялоо процесстерин күчүнө киргизди.
Түркия-Кыргызстан-Түркия аба каттамдары үстүбүздөгү жылдын 7-августунан баштап иштей баштады. Буга улай, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Маданият жана Туризм Кеңешчиси Нури Шимшеклер Түркияга тур программаларын саткан туроператорлору жана Кыргызстандагы Туризм Ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, аларга “Коопсуз Туризм Сертификат Программасы” тууралуу жана азыркы учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Түркияга азыркы тапта Украина, Англия, Россия жана Германиядан туристтердин келип жатканын, муну менен катар үстүбүздөгү жылдын 1-16 августунда Анталияга 334 миң турист келгенин жана алардын ичинен 121 миңи Россиядан, 88 миңи Украинадан, 22 миңи Германиядан, 36 миңи Англиядан жана башка өлкөлөрдөн келгенин белгилеп кеткен Нури Шимшеклер: “Түркияга келген бардык туристтер үчүн учакта, транспортто, мейманкана, ресторандарда жана коомдук жайларда керектүү шарттар түзүлгөн. Бизге бардык жактан каалган туристтер эч кам санабай эле келип эс алып кетсе болот”,- деди. Түркиянын үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта баштаган коопсуз-саламаттык туризм алкагында туристик объекттерге берилген сертификациялоо системасынын үлгү болгонун белгилеген Шимшеклер, “Кыргызстандык конокторубузду да өлкөбүздүн бай жаратылышын жана маданиятын көрүүгө жана медициналык туризм үчүн күтөбүз” деди.
Сертификацияланган мекемелер тууралуу маалымат Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министирлигинин интернет баракчасында https://ktb.gov.tr/ жана Түркия Туризм Таанытуу жана Өнүктүрүү Агенттигинин интернет баракчасында https://tga.gov.tr/ орун алган. Коопсуз Туризм Сертификатынын логотиби сертификатты алган мекемелеринин көрүнүктүү жерлерине илинет жана кардарлар документтеги QR коддун жардамы менен мекеме жөнүндө бардык маалыматты ала алышат.

Түрк аба жолдору жана башка авиакомпанилар тарабынан жумасына 4 жолу Стамбул-Бишкек-Стамбул, жумасына бир жолу Анталия-Бишкек-Анталия каттамдары иштеп жатат, каттамдардын санын көбөйтүү иш аракеттери жүргүзүлүүдө.

СЕРТИФИКАТ БЕЗОПАСНОГО ТУРИЗМА ТУРЦИИ СТАЛА ОБРАЗЦОМ ДЛЯ ВСЕГО МИРА СЕРТИФИКАТ БЕЗОПАСНОГО ТУРИЗМА ТУРЦИИ СТАЛА ОБРАЗЦОМ ДЛЯ ВСЕГО МИРА СЕРТИФИКАТ БЕЗОПАСНОГО ТУРИЗМА ТУРЦИИ СТАЛА ОБРАЗЦОМ ДЛЯ ВСЕГО МИРА СЕРТИФИКАТ БЕЗОПАСНОГО ТУРИЗМА ТУРЦИИ СТАЛА ОБРАЗЦОМ ДЛЯ ВСЕГО МИРА СЕРТИФИКАТ БЕЗОПАСНОГО ТУРИЗМА ТУРЦИИ СТАЛА ОБРАЗЦОМ ДЛЯ ВСЕГО МИРА СЕРТИФИКАТ БЕЗОПАСНОГО ТУРИЗМА ТУРЦИИ СТАЛА ОБРАЗЦОМ ДЛЯ ВСЕГО МИРА СЕРТИФИКАТ БЕЗОПАСНОГО ТУРИЗМА ТУРЦИИ СТАЛА ОБРАЗЦОМ ДЛЯ ВСЕГО МИРА

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться