ТҮРКИЯ “КООПСУЗ ТУРИЗМ” КОЛДОНМО ПРОГРАММАСЫН ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТАТ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТҮРКИЯ “КООПСУЗ ТУРИЗМ” КОЛДОНМО ПРОГРАММАСЫН ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТАТ



Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министрлиги, Министр Мехмет Нури Эрсой тарабынан Түркияга көп сандагы туристтерин жөнөткөн өлкөлөр менен өткөргөн дипломатиялык жолугушуусунан кийин аталган өлкөлөрдүн элчилерин жана эл аралык ЖМК мүчөлөрүн Анталия шаарында коноктоду.

Түркиянын “Коопсуз Туризм” колдонмосун сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн жараткан жолугушуу 19-20-июнь күндөрү Анталья шаарында болуп өттү.

“Түркияны Жаңыдын Тааны” аттуу жолугушууда “Коопсуз Туризм Сертификат Программасы” алкагында учактан аэропортко, автоунаадан мейманканага чейинки бардык деталдуу пландарды жана коопсуздук чараларын сынап көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Жолугушуу алкагында байыркы Аспендос шаарына таандык театрда мамлекеттик Опера жана Балет Башкы Мүдүрлүгү тарабынан уюштурулган атайын концерт тартууланды.

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министрлиги, Европадагы коопсуз туризм сертификациялоо системасын эң биринчилерден болуп камсыз кылган Түркиянын Covid-19 пандемиясы учурундагы туризм кызматтарын дүйнөгө таанытуу максатында Түркияга көп саякат кылган өлкөлөрдүн элчилери менен эл аралык ЖМК мүчөлөрүн башын бириктирди.

Аталган программанын алкагында Маданият жана Туризм Министри Мехмет Нури Эрсой, “Түркияны Жаңыдын Тааны” программасы, ошол эле учурда коопсуз туризм кызмат тажрыйбасы тууралуу кенен маалымат менен бөлүштү. Жолугушууда сөз сүйлөгөн Министр Эрсой: “Коопсуз Туризм  Сертификат Прораммасы” көптөгөн өзгөчөлүктөрү менен дүйнөдө алгачкылардан болуп саналат”,-деди.

Муну менен катар Түркиянын коопсуз туризм маселесине канчалык маани бергенине басым жасаган Эрсой:

“Бул жолугушуудан пайдаланып, эл аралык каттамдар да ачылган учурда өз өлкөлөрүнүн жарандарын Түркияда күтөрүбүздү конокторубузга эскерте кетели. Ишке ашырып жаткан коопсуздук чараларыбыздын конокторубузга оң таасир берип жатканын көрүү, даярдаган  “Коопсуз Туризм Сертификат Программасынын” туура болгонун тастыктайт”.

Түркияда эс алууну каалаган конокторубуз үчүн бардык шарттарды ойлонуштурдук

Коопсуз Туризм сертификаттарын алуу үчүн кайрылуулардын жана сертификат берилген объектилердин санынын тездик менен өсүп жаткандыгын белгилеген министр Эрсой, Айдын, Анталья жана Мугла сыяктуу туристтик шаарларда Covid-19 учурлары аз санда катталганын белгиледи.

Маданият жана Туризм Министри Мехмет Нури Эрсой, “Бул жерде иштеген миңдеген медициналык кызматкерлерибиздин аркасы менен бул аймактар, туристтик шаар эле болбостон ден-соолук борбору катары кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ”,-деди жана төмөндөгүлөргө токтолду:

“Пандемия учурунда өлкөбуздө эс алууну көздөгөн конокторубуз үчүн бардык шарттарды ойлонуштуруп чыктык. Июль айынан баштап өлкөбузгө келе турган чет элдик коноктор үчүн Kovid-19у камтыган саламаттык камсыздандыруу пакеттерин туздүк. Келишим түзүлгөн аэропорттордон алынган билеттерди, паспорттук көзөмөл пунктунан мурун орун алган ар кандай сатуу точкалары, тур операторлору жана онлайн сатып алуулар аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. 15, 19 жана 23 евролук камсыздандыруу пакеттери аркылуу 3 миң, 5 миң жана 7 миң евро наркындагы бардык саламаттык сактоо чыгымдары төлөнөт. Бул жагынан конокторубуз камсанабай койсо деле болот, анткени “Коопсуз Туризм” сертификатындагыдай эле алар Түркиядан чыгып кеткенге чейинки бардык шарттар алдын-ала ойлонуштурулган.”

Түркиянын “Коопсуз Туризм Сертификаты” бардык коноктордун Түркиядагы эс алуусун ырахаттануу менен өткөрүүсүн камсыздайт

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министирлиги баштап, мамлекеттик жана жеке секторлордун кызматташтыгы менен рекорддук убакытта долбоорлонуп, жүзөгө ашырылып баштаган “Коопсуз Туризм Сертификаты” трансторттон мейманканага, кызматкерлерден баштап туристердин саламаттыгынын корголуусуна чейинки бир катар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратты.

Бардык коноктордун Түркияда эс алуусунун ырахаттануу менен өткөрүүсүн камсыздаган “Коопсуз Туризм Сертификаты” программасы тууралуу бардык маалыматтарды Түркия Туризм Таанытуу жана Өнүктүрүү Агенттигинин www.tga.gov.trинтернет дарегинен түрк, англис, немис жана орус тилдеринде окусаңыз болот.

Түркия Туризм Таанытуу жана Өнүктүрүү Агенттиги тууралуу:

Түркиянын ички жана эл аралык базарында бренд катары өзгөчөлүктөргө ээ борборго айлануусу, материалдык жана материалдык эмес табигый, маданий, биологиялык жана техногендик мурастарынын табылышы, өнүктүрүлүшү жана таанытылышы менен катар кыска, орто жана узун убакытка созулган байланыш жана маркетинг иш-аракеттеринин негизинде Түркиянын туристтик потенциалын жана туристтик инвестициялардын өлкөнүн экономикасындагы үлүшүн ошону менен биргеликте кызмат көрсөтүү сапатынын жогорулатылуусун көздөгөн иш-чараларды жүзөгө ашырып келет. Аталган агенттик, Маданият жана Туризм Министрлиги тарабынан белгиленген туризм стратегиялары жана саясатынын негизинде Түркиянын туризм багытындагы максаттарына жетүүсүн, учурдагы туризм мүмкүнчүлүктөрүнүн дүйнөлүк аренада таанытылуусун жана маркетингдик иш-чараларын, ошондой эле туризмдин потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, аны өнүктүрүү жана ишке ашыруу багытында бардык жарнамалык / маркетингдик / коммуникациялык иш-чараларды жүзөгө ашырат.

ТУРЦИЯ ПРЕДСТАВИТ МИРУ ПРИМЕНЕНИЕ ПРОГРАММЫ "БЕЗОПАСНЫЙ ТУРИЗМ" ТУРЦИЯ ПРЕДСТАВИТ МИРУ ПРИМЕНЕНИЕ ПРОГРАММЫ "БЕЗОПАСНЫЙ ТУРИЗМ" ТУРЦИЯ ПРЕДСТАВИТ МИРУ ПРИМЕНЕНИЕ ПРОГРАММЫ "БЕЗОПАСНЫЙ ТУРИЗМ" ТУРЦИЯ ПРЕДСТАВИТ МИРУ ПРИМЕНЕНИЕ ПРОГРАММЫ "БЕЗОПАСНЫЙ ТУРИЗМ" ТУРЦИЯ ПРЕДСТАВИТ МИРУ ПРИМЕНЕНИЕ ПРОГРАММЫ "БЕЗОПАСНЫЙ ТУРИЗМ"

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться