ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭЛЧИЛИГИ
Глобалдык масштабда COVID-19 коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү жана жапа тырмак аракет кылуу эң негизги маселе болуп саналат.
Бул алкакта Бишкек шаарында курулган Түркия-Кыргызстан Достук ооруканасын Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлигине: COVID-19 илдети менен күрөшүүгө байланыштуу колдонулуу үчүн берилгендигин маалымдайбыз.
Бир тууган жана дос Кыргыз элине сак-саламат, бакубат күндөр каалайбыз.
#Сураныч_үйдө_отуруңуз
Коомчулукка урматтоо менен билдиребиз.