Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин маалыматтык кулактандыруусу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин маалыматтык кулактандыруусу



Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин маалыматтык кулактандыруусу
Вефа соода борборунуа тиешелүү азыркы тапта жүргүзүлүп жаткан соттук ишке байланыштуу акыркы күндөрдө үзгүлтүксүз, терс маанайда жана чындыктан алыс түрдө талкулоо жүрүп жаткандыгынан улам төмөндө белгиленгендерди коомчулуктун назарына сунуу муктаждыгы жаралды.
- Аталган соттук иште тараптардан бири Түркия Республикасынын мамлекеттик мекемеси болгон Сактык аманат камсыздоо мамлекеттик фонду (Tasarruf Mevduatı Sigorta Fonu – TMSF) болуп эсептелет. Бул мекеме, Вефа центрди алдоо жолу менен өткөрүү аракеттери башталгандан мурун Вефа центр карамагында болгон Өзгүр Иншаат ачык акционердик коомунун да ээси болуп саналат.
2016-жылдын апрель айында Түркия Республикасынын соттук чечими менен Өзгүн Иншаат АК улутташтырылган жана атайын башкаруучу дайындалган. Жыйынтыгында, 2019-жылдын 25-октябрында Түркия Республикасынын соттору кабыл алган чечими аркылуу аталган кыймылсыз мүлктүн Өзгүн Иншаат ААКга / Түркиянын сактык аманат камыздоо мамлекеттик фондуна тиешелүү экендигин жана Кыргыз жарандарына (“Аруу Жылдыз” ишканасынын башкы мүдүрү Умсун Назарбекова) мыйзамга ылайыктуу түрдө (ишеним кат берүү аркылуу) өткөрүлүп берилбегендигин өкүм кылышкан.
- Соттук жараян бул жүйөнүн негизинде ишке ашырылып жатат.
- Кыргыз массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүлөрүндө жалаа катары кабыл алына турган деңгээлдеги айыптоолорду айткан Умсун Назарбекованын бул укукттук негизи болбогон сөздөрү жазылып алынды. Маселенин бул өңүтүнө укуктук жактан өзүнчө баа берилет.
- Кээ бир Кыргыз ММКларында жарыяланган жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Женгиз Камиль Фыратты каралоого аракет кылган материалдар жакындан каралып, жогоруда аталган материалдарда колдонулган кээ бир сыпаттоолор, жабыштыруулар, соттук иштин аты аталган элчи тарабынан ачылганына байланыштуу жалаалар жана мындан ары басма сөз жана сөз эркиндиги менен байланыштырууга мүмкүн болбогон сөздөр да каттоого алынууда. Бул негизсиз жазууларды жана комментарийлерди айткан, жазган кишилер жана жарыялаган мекемелер тууралуу тиешелүү укуктук жараян баштатылат.
- Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчисин жана Элчилик кызматкерин, Түркиянын сактык аманат камыздоо фондунун адвокаттарын басма сөз аркылуу коомчулукта бута катары көргөзүлүүсү болсо кабыл алынгыс жагдай болуп саналат. Буга байланыштуу Кыргыз жетекчилигинин 1961-жылы кабыл алынган Дипломатиялык мамилелер тууралуу Вена келишиминин тиешелүү пунктарынын негизинде керектүү чараларды алаарына болгон ишеничибиз бекем.
- Коомчулукка ачык түрдө өткөрүлгөн соттук жараяндарды дипломаттардын да байкоого алуусу жалгыз гана Кыргызстанда эмес дүйнөнүн ар бир бурчунда кездешкен бир практика болуп саналат.
- Бул алкакта, жогоруда да айтылгандай, Түркия Республикасынын мамлекетине тиешелүү болгон кыймылсыз мүлккө байланыштуу соттук иштин Түркиянын дипломаттары тарабынан да байкоого алынуусу демейдегидей бир көрүнүш болуп эсептелет. Анткени, мурун Кыргызстанда каралган башка соттук иштердин өлкө ичиндеги башка өлкөлөрдүн дипломаттары тарабынан көзөмөлгө алынган учуру болгон.
- Белгиленген жалаа, каралоо жана жаңылтуу үчүн жүргүзүлүп жаткан өнөктүк иштери аркылуу бир тууган Кыргыз калкынын жана дос Кыргыз мамлекетинин алдыңкы өкүлдөрүнө таасир кылууга, муну менен катар аталган соттук иштин сотторунун үстүнөн басым жасоого аракет кылынып жатканы ачык.
Бир тууган жана дос Кыргыз мамлекетинин соттук системасы менен сотторунун бул өнөктүк иштеринен эч кандай таасирленбей тургандыгына ишеничибиз бекем.

Коомчулукка урматтоо менен билдирилет.

Информационное Объявление Посольства Республики Турция в Бишкеке

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться