Гөбеклитепе археологиялык аймагы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Гөбеклитепе археологиялык аймагы

“Тарыхтын башталгыч чекити”: Адамзат тарыхын өзгөрткөн дүйнөнүн эң байыркы сыйынуу жайы. Эмне үчүн Гөбеклитепе адамдардын отурукташуу мезгили тууралуу ой-пикирлерин түп-тамырынан өзгөрттү?



Шанлыурфада жайгашкан Гөбеклитепе археологиялык аймагы, 2018-жылдын июль айында өткөрүлгөн ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас комитетинини 42-жыйынында, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилди.

12 миң жылдык тарыхый өтмүшкө таянган Гөбеклитепе, “цивилизациялар бешиги” деп аталган Месопотамиядагы байыркы шаарлардан 4600 жыл, Англиядагы Стоунхенджден 6600 жыл, Египет пирамидаларынан 7100 жана Мальтадагы дүйнөнүн эң байыркы сыйынуучу жайы катары билинген аймактан 6100 жыл мурун курулган.

Шанлыурфа шаарынан 20 км алыста жайгашкан Гөбеклитепенин жакынында Невали Чори неолитикалык аймагынан тышкары, Нимрод падыша Ибрахим пайгамбарды өрттөөнү буюрганда, жалындардын сууга, отундардын балыкка айланганы тууралуу уламыштарда айтылып келген Балыклыгөл көлү бар.       

Археологиялык казуулардын натыйжасында “тарыхтын башалгыч чекити” деген атты алган Гөбеклитепенин жашаганга эмес, сыйынуу максатында курулганы айгинеленген. Аталган археологиялык табылга адамзаттын аңчылык жана жыйноочуулук доорунан отурукташуу мезгилине өткөн учурда курулгандыгы маалыматты жокко чыгарып, аңчылык жана жыйноочулук доорундагы адамдардын да ибадат кылуу максатында бир жерге чогулганын тастыктап, дыйканчылыктан отурукташууга, искусство жана динди өнүктүрүүгө түрткү болгондугу тууралуу аргументти түп-тамыры менен өзгөрттү.  

Байыркы эмгек куралдары колдонулган неолит доорунда курулган Гөбеклитепеде адамга окшоштуруп тизилген, 10-15 тонна салмагындагы “Т” формасындагы тик тургузулуп коюлган балбал таштардын ал жакка кантип алып барып коюлгандыгы жана тургузулгандыгы тууралуу маалымат жок. Муну менен катар балбал таштардан куралган жан-жаныбар жана өсүмдүктөрдүн кейипкерлери, айкелчиликтин дүйнө жүзүндөгү эң алгачкы үлгүсү катары бааланып келет.

Гөбеклитепе болжол менен 1000 жылдык пайдалануудан кийин тонналарча топурак жана майда таш менен толтурулуп салынганы азыркыга чейин табышмактуу бойдон калууда.

Гөбеклитепедеги алгачкы археологиялык казуулар 1963-жылы Стамбул университети менен Чикаго университети биргеликте түзгөн бир топ тарабынан аткарылып, табылгалардын туура эмес болжолдолушунун улам Гөбеклитепе ачылган эмес. Невали Чориде археологиялык изилдөөлөр жүргүзгөн Немец археологу, профессор Клаус Шмидттин Шанлыурфа музейинини мүдүрлүгү менен биргеликте баштаган 1995-жылкы казуулардын натыйжасында Гөбеклитепе табылган.

300 метрдик аймакты ээлеген Гөбеклитепе археологиялык аймагында жасалган горизанталдык изилдөөлөрдүн натыйжасында 20 сыйынуучу жай бар экени аныкталып, азырынча алардын алтоо гана казылып алынды. Аталган жайлардын диаметри 30 метр, туурасы 15 метр чоңдугунда экендиги аныкталган.

Гөбеклитепе адамзат тарыхында жаңы ачылыштарды ачуу менен биргеликте “Пайгамбарлар шаары” деп аталган Шанлыурфанын дүйнө жүзүндө танытуулусуна көмөк көрсөтүүдө жана аймактагы археологиялык изилдөөлөрдүн жүргүзүлүүсүнө демилге болууда.

Гөбеклитепеге байланыштуу толук маалымат алуу үчүн“www.zeropointintime.com/tr” шилтемесинден окусаңыз болот.


Загрузка плеера...


АРХЕОЛОГИЧЕСКИЙ ОБЪЕКТ ГЁБЕКЛИ-ТЕПЕ АРХЕОЛОГИЧЕСКИЙ ОБЪЕКТ ГЁБЕКЛИ-ТЕПЕ АРХЕОЛОГИЧЕСКИЙ ОБЪЕКТ ГЁБЕКЛИ-ТЕПЕ

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться