5-мартта Орусия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнө караштуу Археология жана этнография институтунун ага илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты жана Орто Азия таш доору боюнча адис – Светлана Владимировна Шнайдер университетибизге келип илимий баяндама жасап кетти.
С.В. Шнайдер 2011-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин Гуманитардык факультетинин Археология жана этнография кафедрасын аяктаган. Ал 2015-жылы «Борбордук Азиянын батышында мезолит доорундагы Туткаул тибиндеги таш индустриясынын өнүгүшү» темасында кандидаттык диссертациясын жактаган. 2016-жылдан бери С.В. Шнайдер Кыргыз улуттук университетинин жана Борбордук Азия Америка университетинин адистери менен бирге Фергана, Алай жана Памир аймактарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп келүүдө. Университетибизде жасаган баяндамасында С.В. Шнайдер дал ушул изилдөөлөрдүн алгачкы жыйынтыктары тууралуу сөз кылды.
Белгилүү болгондой Орто Азиянын мезолит доору Европа жана Жакынкы Чыгыштын мезолит мезгилине караганда салыштырмалуу начар изилденген. Ошондуктан, бул көйгөйлүү маселеге өз салымын кошуу үчүн С.В. Шнайдер Кыргызстан археологдору менен бирге изилдөө иштерин баштагандыгын белгиледи. Изилдөөчүнүн айтуусуна караганда Фергана жана Алай өрөөндөрүндө мезолит дооруна таандык советтер мезгилинде ачылган үңкүрлөрдө заманбап технологияларды колдонуу менен изилдөө иштери жүрүп жатат. Казуулар учурунда тахеометр, GPS, дрон сыяктуу аспаптар колдонулуп, ал эми сөөк табылгаларынын лабораторияда ДНК анализи жүргүзүлдү. Обишир Vүңкүрүндө табылган адамдын тишинин ДНК анализи кызыктуу жыйынтыктарды берди. Ага ылайык мезолит доорунда Фергана өрөөнүнө айрым адам топтору Жакынкы Чыгыштан келиши мүмкүн. Ушул эле эстеликте болжолу дан майдалоо үчүн колдонулган таш куралынын сыныгы табылган. С.В. Шнайдердин оюу боюнча бул табылга Фергана өрөөнүндөгү дыйканчылыктын алгачкы издеринен болушу мүмкүн.
Обишир Vүңкүрүндө геометриялык формадагы (төрт бурчтук, сегмент, үч бурчтук) микролит (кичинекей) таш куралдары табылган. Алар сөөк же жыгач сапка бекитилип бычак, найза катары колдонулган. Эске сала кетсек бул сыяктуу куралдар университетибиздин Археологиялык-этнографиялык музей-лабораториясында да сакталып турат.
С.В. Шнайдер өзүнүн мультидисциплинардык илимий тобу менен бийик тоолуу Памир жана Алай өрөөндөрүндө изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Бул изилдөөлөр учурунда илимге белгилүү эстеликтер менен катар маданий катмарларды жана табылгаларды камтыган жаңы үңкүрлөр да ачылды. Бул эстеликтерде таш куралдары, мал сөөктөрү жана жыгачтан жасалган бир куралдын калдыгы табылды. Учурда бул табылгалар лабораториялык шартта изилденип, консервация иштери жүрүп жатат.
Баяндаманын соңунда С.В. Шнайдер университетибиздин тарых бөлүмүнүн студенттеринин жана мугалимдеринин суроолоруна жооп берди. Өз кезегинде баяндамачы Кыргызстан археологиясындагы акыркы жылдардагы айрым жетишкендиктерине кубанып жаткандыгын жана жергиликтүү адистер менен илимий кызматташтык уланаарын белгилеп кетти.
Эске сала кетсек, университетибиз менен Орусия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнө караштуу Археология жана этнография институту арасындагы мамилелер 2000-жылдардын башында башталган. Аталган Институттун А.П. Деревянко, Ю.С. Худяков, В.Н. Зенин сыяктуу окумуштуулары менен биргелешкен илимий изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Университетибиздин Тарых бөлүмүн аяктаган эки студент Новосибирск мамлекеттик университетинде жана аталган Институтта магистрдык жана кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү жактап келишти. Учурда дагы бир студент С.В. Шнайдердин жетекчилиги алдында аспирантурада окуп жатат. Быйыл Тарых бөлүмүн бүтүрүп жаткан бир студентти Новосибирск мамлекеттик университетинин Археология багыты боюнча магистрдык программасына жөнөтүү маселеси каралып жатат.