Бүгүнкү күндө китептердин баасы жана баркы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бүгүнкү күндө китептердин баасы жана баркы

"Радио сапар" уктуруусунда, "Шанс" китеп борборунун жетекчиси Сүйүн Калчаев жана "Чыгыш адабияты жана искусствосу" басма компаниясынын башкы редактору Назгүл Асанакунова конокто.



 "Радио сапар" уктуруусунда, "Шанс" китеп борборунун жетекчиси Сүйүн Калчаев жана "Чыгыш адабияты жана искусствосу" басма компаниясынын башкы редактору Назгүл Асанакунова конокто болуп, бүгүнкү күндөгү окурмандардын табити, адабий казынасы бай кытай элинин чыгармаларын түп нускадан которуу тууралуу кеңири маек куруп беришти.

   Өлкөбүздө китеп окугандардын саны аз, айрыкча өспүрүмдөр, студенттер смартфонго байланып көп окубай, китепкана, китеп дүкөндөргө дээрлик каттабай калышты деп коомчулукта сын айткандардын саны арбын. Дал ушул темада, ушул чөйрөнүн кыр-сырын билген адис катары Сүйүн Калчаев: " Бүгүнкү күндө китеп окугандардын саны аз деген жаңылыштык, китеп окуган, билимге умтулгандар көп. Буга бир эсептен акырындап элибиздин аң-сезими өзгөрүп билимдин баалуулугун түшүнүп калганы себеп болсо, экинчи жааттан байма-бай өткөрүлгөн "Китепкөй улут" сындуу флешмоб, интеллектуалдык оюн, акциялар себеп болууда. Болгону заманга жараша окурмандардын табити өзгөрүп бара жатат, азыр жаштар көбүрөөк психология, коучинг, шыктандыруу темасына кызыгышат." деп өз пикирин билдирди. Ал эми Назгүл Асанакунова китеп дүкөндүн текчелериндеги китептер кандай критерийлер менен тандалаарын айтып, "Чыгыш адабияты жана искусствосу" басма компаниясы ачылгандан бери которулган китептер, жасалган бир катар алгылыктуу иштер тууралуу маек курду.

Маектин видео версиясы төмөндө:

                                                                 Даярдаган: Баян Аманатова,  Алтынбек Акымбаев


Загрузка плеера...


Ценность книг в наше время Ценность книг в наше время Ценность книг в наше время

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться