" Маржан" тобунун ырчы кыздары Жаныбек кызы Нурия, Турматова Буэфиза конокто болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

" Маржан" тобунун ырчы кыздары Жаныбек кызы Нурия, Турматова Буэфиза конокто болду

21.02. 2019 Ляля-фа программасында " Маржан" тобунун ырчы кыздары Жаныбек кызы Нурия, Турматова Буэфиза конокто болду. 



Программада "Маржан" тобунун  кыздары  комузун колго алып, Жеңижок атабыздын " Аккан суусун", сөзү: Насирдин Байтемировго, обону: Сардарбек Жумалиевге таандык "Жигит ай" сыяктуу ырларды аткарышып,  эфирибизди шаңга бөлөштү. Алардын бири Турматова Буэфиза: " Кичинекейимден Роза Аманованы кумир тутуп, мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырып, "Маржан" тобуна кирип калдым"- десе, Жаныбек кызы Нурия ар кандай сулуулук сынактарына катышкандыгы тууралуу биле алдык. 2017-жылы өткөрүлгөн  университетибиздин сулуулар сынагында  "Мисс Грация" наамына ээ болгон.

      Кошумчалай кетсек, ырчы кыздарыбыз Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде, Көркөм өнөр факультетинин,  Музыка бөлүмүнүн 2-курсунда билим алышат. 

 

Ляля-фа программасынын ди-джейлери: 

Шайыр Бакытбекова

Айтумар Мурзали кызы

Бакжан Асаналиев

Нурайым Кудабаева

 

Жазган: Нурайым Кудабаева

 

" Маржан" тобунун ырчы кыздары Жаныбек кызы Нурия, Турматова Буэфиза конокто болду " Маржан" тобунун ырчы кыздары Жаныбек кызы Нурия, Турматова Буэфиза конокто болду

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться