21.02. 2019 Ляля-фа программасында " Маржан" тобунун ырчы кыздары Жаныбек кызы Нурия, Турматова Буэфиза конокто болду.
Программада "Маржан" тобунун кыздары комузун колго алып, Жеңижок атабыздын " Аккан суусун", сөзү: Насирдин Байтемировго, обону: Сардарбек Жумалиевге таандык "Жигит ай" сыяктуу ырларды аткарышып, эфирибизди шаңга бөлөштү. Алардын бири Турматова Буэфиза: " Кичинекейимден Роза Аманованы кумир тутуп, мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырып, "Маржан" тобуна кирип калдым"- десе, Жаныбек кызы Нурия ар кандай сулуулук сынактарына катышкандыгы тууралуу биле алдык. 2017-жылы өткөрүлгөн университетибиздин сулуулар сынагында "Мисс Грация" наамына ээ болгон.
Кошумчалай кетсек, ырчы кыздарыбыз Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде, Көркөм өнөр факультетинин, Музыка бөлүмүнүн 2-курсунда билим алышат.
Ляля-фа программасынын ди-джейлери:
Шайыр Бакытбекова
Айтумар Мурзали кызы
Бакжан Асаналиев
Нурайым Кудабаева
Жазган: Нурайым Кудабаева