КАМПУСТА КООПСУЗДУК » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КАМПУСТА КООПСУЗДУК

Кыргыз-Түрк Манас университети Орто Азиядагы бирден бир үлгүлүү студенттик шаарчага ээ болгон окуу жай. Арийне студенттик шаарча өтө чоң болбосо дагы өзүнө тийешелүү аймакка эгедер. Ал эми ошол аймактын корголуусу, коопсуз тартипте сакталуусу ал өзүнчө маселе. Бул багытта аталган окуу жайдын Коопсуздук кызматы кандай иштерди алып барып жатат билели деп кызматтын башчысы Капар Эстебесовду "Жаңы күн" радио уктуруубузга конок катары чакырдык. 



"КТМУнун жалпы жонунан 10 жерде коопсуздук көзөмөл пункту, 2 чоң көзөмөл кириши, 4 атайы коопсуз автоунаа токтотуучу жайы бар. Атайы жетекчиликтин кеңешмеси менен коопсуздук тармагында коюлган эрежелер каралган. Мисалы автоунаалардын контроль менен кирип чыгышы, туура жерге токтотулушу, кампус территориясында 20 дан ашпаган ылдамдык, унаа ичинде музыканын катуу коюлбашы, каалаган кишинин жаныбарларын сейилдетип жүрүүсүнө уруксат берилбеши, кампуска кирип жаткан ар инсандын кимге баратканынын так белгилениши ж.б. ушул сыяктуу..." - мына ушул сөздөрдү уктуруудагы маекте Капар Эстебесов мырза айтып берди.  

"КТМУнун кызматкерлери таңдан кечке иштеп кетип калышат. Ал эми 24 сааттык көзөмөл биздин моюнубузда. Мугалимдер артынан жарыктарын өчүрүп, эшик-терезелерин жаап, жалпы бир бүтүндүктөгү тынчтыкты жана саламаттыкты сактап коопсуздук иши улана берет.",- деди ал өз маегинде. 

 

Толук вариантын төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар:

 

Жылдызбек Турсунбаев, МедиаМанас


Загрузка плеера...


КАМПУСТА КООПСУЗДУК КАМПУСТА КООПСУЗДУК

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться