Главная > Новости "Медиа Манас" > КАМПУСТА КООПСУЗДУК

КАМПУСТА КООПСУЗДУК


30 ноября, 11:28. Разместил: Jyldyzbek

"КТМУнун жалпы жонунан 10 жерде коопсуздук көзөмөл пункту, 2 чоң көзөмөл кириши, 4 атайы коопсуз автоунаа токтотуучу жайы бар. Атайы жетекчиликтин кеңешмеси менен коопсуздук тармагында коюлган эрежелер каралган. Мисалы автоунаалардын контроль менен кирип чыгышы, туура жерге токтотулушу, кампус территориясында 20 дан ашпаган ылдамдык, унаа ичинде музыканын катуу коюлбашы, каалаган кишинин жаныбарларын сейилдетип жүрүүсүнө уруксат берилбеши, кампуска кирип жаткан ар инсандын кимге баратканынын так белгилениши ж.б. ушул сыяктуу..." - мына ушул сөздөрдү уктуруудагы маекте Капар Эстебесов мырза айтып берди.  

"КТМУнун кызматкерлери таңдан кечке иштеп кетип калышат. Ал эми 24 сааттык көзөмөл биздин моюнубузда. Мугалимдер артынан жарыктарын өчүрүп, эшик-терезелерин жаап, жалпы бир бүтүндүктөгү тынчтыкты жана саламаттыкты сактап коопсуздук иши улана берет.",- деди ал өз маегинде. 

 

Толук вариантын төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар:

 

Жылдызбек Турсунбаев, МедиаМанас


Вернуться назад