29-октябрга чейин өтүүчү “Үмүт” 6-кино форумун Бишкекте КМШнын эл аралык гуманитардык байланыш фонду жана Кыргызстандын маданият жана туризм министрлиги уюштурган.
6-ирет өтүп жаткан “Үмүт” форумдун ачылыш аземи кечээ, 25-октябрда борбор калаабыз Бишкектеги Кино үйундө болду. Форумдун программасына ылайык бүгүн, 26-октябрда кино сүйүүчүлөр “Октябрь” кинотеатрында Адильхан Эржанов тарткан “Ласковое безразличие мира” тасмасын көрүштү.
Форумга жалпы 9 өлкөнүн жаш режиссерлору жараткан 38 тасма катышып жатат.Белгилей кетсек, аталган форумда тасмалар 3категория боюнча көрсөтүлүүдө:
- Кыска метраждуу эл аралык тасмалар (16тасма)
- Улуттук кыска тасмалар (14тасма)
- Даректүү тасмалар (8тасма)
Ушул 6-ирээт өтүп жаткан “Үмүт” 6-кино форумунун жүрүшүндө, россиялык режиссер Евгения Майзеля, азербайжандык режиссер Эльмара Иманова жана казакстандык кинорежиссер Бауржан Ногорбек чеберчилик сааттарын уюштурат.