Главная > Культура > Быйылкы “Үмүт” кино фестивалы

Быйылкы “Үмүт” кино фестивалы


26 октября, 16:51. Разместил: aynagul

6-ирет өтүп жаткан “Үмүт” форумдун ачылыш аземи кечээ, 25-октябрда борбор калаабыз Бишкектеги Кино үйундө болду. Форумдун программасына ылайык бүгүн, 26-октябрда кино сүйүүчүлөр “Октябрь” кинотеатрында Адильхан Эржанов тарткан “Ласковое безразличие мира” тасмасын көрүштү.
Форумга жалпы 9 өлкөнүн жаш режиссерлору жараткан 38 тасма катышып жатат.Белгилей кетсек, аталган форумда тасмалар 3категория боюнча көрсөтүлүүдө:

  1. Кыска метраждуу эл аралык тасмалар (16тасма)
  2. Улуттук кыска тасмалар (14тасма)
  3. Даректүү тасмалар (8тасма)

Ушул 6-ирээт өтүп жаткан “Үмүт” 6-кино форумунун жүрүшүндө, россиялык режиссер Евгения Майзеля, азербайжандык режиссер Эльмара Иманова жана казакстандык кинорежиссер Бауржан Ногорбек  чеберчилик сааттарын уюштурат.


Вернуться назад