КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНЕ КАЗАН ШААРЫНАН ГРАН-ПРИ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНЕ КАЗАН ШААРЫНАН ГРАН-ПРИ



Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Коммуникация факультети, Радио-ТВ жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Аскар Нуракун уулунун “Киноман” аттуу кыска метраждуу тасмасы Орусияга караштуу Татарстан Республикасынын борбор калаасы Казанда 10 - Эл аралык жаштар кинофестивалында Гран-при сыйлыгынын ээси болду.  

Кинофестиваль үстүбүздөгү жылдын 3-6 сентябрь күндөрү Казань шаарында өткөрүлүп, ага “эң мыкты көркөм тасма”, “эң мыкты даректүү тасма”, “эң мыкты анимациялык тасма” өңдүү категорияларда көптөгөн тасмалардын арасынан 30 тасма финалдык жарышка тандалып алынган.“Киноман” кыска метраждуу тасмасы алардын ичинен эң мыктысы болуп табылды.

Кинофестивалдын калыстар тобун Кирилл Разлогов жетектеп, ирандык киносынчы Ализера Шахрози, Жаңы маданият институтунун башчысы Нина Кочеляева, индиялык режиссёр Джатла Саддатта, орусиялык режиссер Валерий Севостянов жана КазГИК университетинин окутуучусу, режиссёр Рустам Рашитов калыстар тобунда болду.

КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНЕ КАЗАН ШААРЫНАН ГРАН-ПРИ КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНЕ КАЗАН ШААРЫНАН ГРАН-ПРИ

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться