Шаризат Ибраева тууралуу дипломдук иш жазылууда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Шаризат Ибраева тууралуу дипломдук иш жазылууда

Нурзинат Жолдошева   " Журналисттик кесипкөйлүк ишмердүүлүктү адистештирүү" темасына арналган дипломун Манас радиосунун кабарчысы Шаризат Ибраева жөнүндө жазып жатат.



Бишкек Гуманитардык  К.Карасаев атындагы  Университетинин Журналистика жана маалыматтар системасы факультетинин   журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү Нурзинат Жолдошева   " Журналисттик кесипкөйлүк ишмердүүлүктү адистештирүү" темасына арналган дипломун Манас радиосунун кабарчысы Шаризат Ибраева жөнүндө жазып жатат.

            Бул тууралуу Нурзинат Жолдошева:"Дипломдук ишим жогорку окуу жайларда журналистика тармагында окуган студенттер жана бүтүрүүчүлөрдүн кесипкөйлүүлүгүнө арналган. Ал эми Шаризат Ибраеваны тандап алганымдын себеби, ал радио-журналистиканын мыкты адиси, көптөгөн радио программалардын автору. Мындан тышкары, Шаризат эже өзү да студенттер менен иш алып барып, радио дүйнөсүнө кирүүгө жол ачып берет”, - деп айтты.

             Нурзинат аталган дипломдук ишинде Эрнис Кыязов жана Айбек Шамшыкеевдин да журналисттик ишмердүүлүгүн камтыган.

            Белгилей кетсек Шаризат Ибраева 10 жылдан ашуун радио-журналистика тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатат, эл аралык жана жергиликтүү конкурстарынын жеңүүчүсү.  

 

Жазган: Гүлзира Кеңешова

 

Шаризат Ибраева тууралуу дипломдук иш жазылууда Шаризат Ибраева тууралуу дипломдук иш жазылууда Шаризат Ибраева тууралуу дипломдук иш жазылууда Шаризат Ибраева тууралуу дипломдук иш жазылууда

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться