Главная > Новости "Медиа Манас" > Шаризат Ибраева тууралуу дипломдук иш жазылууда

Шаризат Ибраева тууралуу дипломдук иш жазылууда


28 мая, 11:20. Разместил: sharizat

Бишкек Гуманитардык  К.Карасаев атындагы  Университетинин Журналистика жана маалыматтар системасы факультетинин   журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү Нурзинат Жолдошева   " Журналисттик кесипкөйлүк ишмердүүлүктү адистештирүү" темасына арналган дипломун Манас радиосунун кабарчысы Шаризат Ибраева жөнүндө жазып жатат.

            Бул тууралуу Нурзинат Жолдошева:"Дипломдук ишим жогорку окуу жайларда журналистика тармагында окуган студенттер жана бүтүрүүчүлөрдүн кесипкөйлүүлүгүнө арналган. Ал эми Шаризат Ибраеваны тандап алганымдын себеби, ал радио-журналистиканын мыкты адиси, көптөгөн радио программалардын автору. Мындан тышкары, Шаризат эже өзү да студенттер менен иш алып барып, радио дүйнөсүнө кирүүгө жол ачып берет”, - деп айтты.

             Нурзинат аталган дипломдук ишинде Эрнис Кыязов жана Айбек Шамшыкеевдин да журналисттик ишмердүүлүгүн камтыган.

            Белгилей кетсек Шаризат Ибраева 10 жылдан ашуун радио-журналистика тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатат, эл аралык жана жергиликтүү конкурстарынын жеңүүчүсү.  

 

Жазган: Гүлзира Кеңешова

 


Вернуться назад