2018-жылдын 20-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде дүйнөгө белгилүү илимпоз, 2015-жылы химия илими боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, профессор Азиз Санжар менен жолугушуу болуп ѳттү. Жолугушууда профессор Азиз Санжар түрк дүйнѳсүнүн жаштарына «Илим жана улуттук өнүгүү» деген темада лекция окуду.
Иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Хидает Оружов, КРнын Билим берүү жана илими министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги ѳкүлү Атынч Кескин, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, Түрк кеңешинин башкы катчысынын орун басары Ѳмер Кожаман, ТИКА Бишкек координатору Али Муслу, ЖОЖдордун ректору, окумуштуулар, КТМУнун окутуучулары, студенттер жана медиа ѳкүлдѳрү катышты.
Эки ѳлкѳнүн улуттук гимни менен башталган иш-чаранын жүрүшү Медиа Манастын фейсбук баракчасынан жана Манас фм радиосунан түз берилип турду.
Жолугушуунун ачылыш сѳзүндѳ университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев: «Адамзаттын жашоосун жакшыртуунун эң негизги факторлорунун бири бул - илим болуп саналат. Илимсиз зор жетишкендиктерге жетүү мүмкүн эмес. Баарыбызга белгилүү болгондой, Орто Азиядан көптөгөн окумуштуулар чыгып, адамзат жашоосуна пайда алып келди. Маселен, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жана бир тууганыбыз, профессор Азиз Санжардын ийгиликтерин айтууга болот. Атайын алыстан жаштарга ѳзүңүздүн тажрыйба жана кеңешиңиз менен бѳлүшкѳнү келгениңиз үчүн аябай кубанып жатабыз. Бул жолугушуу жаштар үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болот. Келечекте биздин жаштар сиздин тажрыйбаңыздан пайдаланып, ѳрнѳк алат деп ишенем», - деди.
Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы: «23 жылдык тажрыйбасы бар Кыргыз-Түрк «Манас» университети Түркия Республикасы Кыргызстанды алгачкылардан болуп эгемендүүлүүн тааныгандан кийин 1995-жылы курулган. Ошондон бери бир топ эл аралык долбоорлорду ишке ашырып, зор ийгиликтерди багынтып, бир катар сыйлыктарга жана жетишкендиктерге ээ болуп, бүгүнкү күнү билим берүүдө жана илим тармагында өз ордун таап, билим берүү очогуна айланды. 23 жыл ынтымак-ырашкерликтин ичинде биз түрк дүйнѳсүнүн келечеги болгон жаштарга татыктуу билим берип, үлгү кѳрсѳтѳ алдык. Ар дайым жаштарга 21-кылым чоң мүмкүнчүлүктѳрдү берип жатканын ѳткѳн тарыхыбыздан мисал келтирип эске салып турабыз. Миңдеген жылдар мурун биздин ата-бабаларыбыз чоң бир маданиятты куруп, түрк дүйнѳсүнѳн канча деген аалымдар, улуу окумуштуулар чыккан. Ошол ата-баларыбыз куруп кеткен улуу маданиятты жок кылбай кайрадан куруп, улантуу ѳзүбүздүн колубузда. Биз ата-журтубузда чогуу болуп, жүрѳгүбүз жана кѳңүлүбүз бир. Биздин жол ахлак жана илимдин жолу. Биздин ѳткѳндѳгү ийгиликтерибиз мындан ары да адамзаттын жашоосуна пайда алып келип, ийгилик жартууга жол ачууда. Андыктан, 21-кылымда ийгиликтерибизди арттыруубуз зарыл. Мына ошондой ѳмүрү ѳрнѳк инсандардын бири жана далили профессор Азиз Санжар.
Анадолунун чыгышында кичинекей кыштактан чыгып, бүгүнкү күнү Түркия Республикасынын атын дүйнѳ жүзүнѳ жар кылган түрк дүйнѳсүнѳн биринчи жолу бул сыйлыкты алып келген улуу урматтуу профессорду канча сыйлап, кадырласак да аздык кылат.
Эмне үчүн силердин ичиңерден дагы ушундай ийгиликтерди багындырган инсандар чыкпасын? Биз силерге үмүт артып, ишенебиз, эмнеге келечекте Нарын, Баткен, Ысык-Кѳлдѳн тартып, Ардахан, Ташкент, Ашхабаддан, Баку, Казандан чыкпасын? Эмнебиз кем? Ар улуттун өкүлдөрүнөн турган жаштарыбыз ѳмүрү ѳнѳк инсан менен жолугушуп жатканы кандай бакыт. Баарыбыз бир бололу, бирге бололу. Адеп-ахлак жана илим жолунда жашап, ийгиликке бирге жетели. Кудай бизди колдосун», - деди ректор.
КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков: «2015- химия илими боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон профессор Азиз Санджар менен бир гана Түркия эмес, бүтүндѳй түрк эли сыймыктанат. Кыргызстан менен Түркиянын алтын кѳпүрѳсү болгон Манас университетинде сиз менен жолугушуп, тажрыйбаңызды биз менен бѳлүшүп жатканыңыз үчүн абдан кубанычтабыз», - деп ыраазычылыгын билдирди.
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат: «Түркиянын кичинекей айылынан чыгып, ата-энеңиздин эмгегин актап, Стамбул университетин артыкчылык диплому менен аяктап, Нобель сыйлыгын алдыңыз. Сиз чоң эмгек жасап, Түркия жана түрк дүйнѳсү эле эмес, жалпы эле дүйнѳ жүзүнѳ чоң салым коштуңуз. Баарыбыз сиз менен сыймыктанабыз. Сизди дагы бир жолу Кыргызстанга келишиңизди күтѳбүз, Дүйнѳлүк Кѳчмѳндѳр оюнуна келет деп ишенебиз», - деди.
Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин профессор Азиз Санжардын ѳмүр таржымалы тууралуу кыска видеотасма сунулду. Андан кийин профессорго «КТМУнун Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.
Андан соң иш чаранын кадырлуу коногу, дүйнөгө белгилүү илимпоз, 2015-жылы химия илими боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, профессор Азиз Санжар өз сөзүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жамааты жана түрк дүйнѳсүнүн жаштары менен жолугушуу кубаныч тартуулап турганын белгилеп, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.
2015-жылы химия илими боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, профессор Азиз Санжардын сөзү:
Түрк дүйнѳсү илимге муктаж. Түрк дүйнѳсүнүн жаштарынан үмүтүм чоң.
Мен түрк элдеринин байыркы ата журту болгон кыргыз жергесине келгениме абдан кубанычтамын.
Нобель сыйлыгын колума алып жатканымдагы сезимдеримди айтып бүтѳ албасмын. Мен бул сыйлыкты жеке ѳзүм же Түркия Республикасы үчүн эмес, бүтүндѳй түрк элине арнап жатканымды сезип, аны менен аябай сыймыктандым.
Биз - улуу маданиятты курган улуу түрк элибиз. Бала кезде түрк элинин улуу маданиятты курган эл экенин тарыхый китептерден окугам. Кийин Батыштын жазуучулары жазган эмгектерден окудум. Чындап эле бизде 750- 1250 жылдар мурда эле илим ѳнүккѳн экен. Андан кийин биз илимде ийгилик жарата албаптырбыз. Биз бул маселени чечүүбүз зарыл. Арийне, коомдук илимдерге сый-урматым бар, бирок биз так илимдерге инвестиция жасашыбыз керек. Мен Нобель сыйлыгын колума алганымда, бул тармакта билим алып жаткан жаштарга үлгү болуп жатканымды сезип, абдан кубандым. Албетте, Нобель сыйлыгын алуу менен эле баары бүтпѳйт. Бул илимдин бүткѳн чеги эмес.
Мага саясатта иштеген жакпайт. Силерге айтаарым, саясатка аралашып, башыңарды оорутпагыла. Билим алууга умтулгула, ѳзүңѳрдү илимге жумшагыла. Мүмкүнчүлүктѳрүңѳрдү колдон чыгарбагыла. Өнүгүүнүн негизги багыты бул талыкпай эмгектенүү. Андыктан, жаштар, болгон мүмкүнчүлүктѳрдү пайдаланып, үй-бүлѳңѳргѳ, ѳлкѳңѳргѳ, деги эле дүйнѳгѳ салымыңарды кошкула. Мен студент кезимде жумасына 7 күн, күнүнѳ 18 саат иштечүмүн. Азыр мен 71 жаштамын, учурда жумасына 6,5 күн, күнүнѳ 12 саат иштейм. Мен эч кандай мүкүнчүлүктѳрсүз эле Америкада иштедим. Кээде акчам да жок болуп калып, 3 ай лабораторияда жашаган күндѳрүм да болду. Биз кѳз карандысыздыкка ѳзүбүз түзгѳн технологиянын жана илимдин арты менен жетебиз.
Ийгиликке жетүү үчүн зор чыдамдуулук кажет. Мен бул ийгиликтин үстүндѳ 45 жыл иштедим. Менин командам Түркия Республикасы жана түрк тилдүү мамлекеттердин жаштары. Түрк элинин жаштары да, терең билим алып, чоң-чоң ачылыштарды жасаарына терең ишенем», - деп түрк дүйнѳсүнүн ѳнүгүп, зор сый-урматка татыктуу болуусу үчүн кѳбүрѳѳк билим алуу жана илимде ийгилик жасоо керектигин баса белгилеген профессор Азиз Санжар түрк дүйнѳсүнүн жаштарынан үмүтү чоң экенин билдирди.
Иш-чаранын соңу профессор Азиз Санжар атында жаңы китепкананын ачылышы, кѳчѳт отургузуу жана эстеликке сүрѳткѳ түшүү менен аяктады.
Биохимик жана молекулардык биолог Азиз Санжар 2015-жылы Томас Линдал жана Пол Морич менен кошо ДНКнын калыбына келүү механизми боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, үчөө тең Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.