Кыргыздын “беш бармагын” Гиннеске киргизүү демилгеси » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыздын “беш бармагын” Гиннеске киргизүү демилгеси

Быйыл Ак калпак күнүндө Бишкекте 1тонна беш бармак жасалып, 100метрлик чучук даярдалат.



5-март жыл сайын Кыргызстанда Ак калпак күнү катары белгиленет.

Бишкек шаарында быйыл Ак калпак күнүнө карата 1 тонна беш бармак жасалып, 100 метрлик чучук даярдалат. Буга карата ушул тапта кызуу даярдыктар жүрүп жатканын иш-чаранын уюштуруучу, коомдук активист Элнура Кулуева билдирди.

" Бул иш-чаранын максаты, улуттук баалуулуктарды даңазалоо .5-март Ак калпак күнүн коомчулук менен бирге майрамдап, борборубузда парад уюштурууну көздөп жатабыз. Бул күн "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү" деп токтом кабыл алынган. Дал ушул күнү 100 тонна беш бармак, 100 метрлик чучук жасоо үчүн кызуу даярдыктар көрүлүп жатат ", - дейт Элнура Кулуева.


Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться