Главная > Новости "Медиа Манас" > Кыргыздын “беш бармагын” Гиннеске киргизүү демилгеси

Кыргыздын “беш бармагын” Гиннеске киргизүү демилгеси


20 февраля, 11:43. Разместил: aynagul

5-март жыл сайын Кыргызстанда Ак калпак күнү катары белгиленет.

Бишкек шаарында быйыл Ак калпак күнүнө карата 1 тонна беш бармак жасалып, 100 метрлик чучук даярдалат. Буга карата ушул тапта кызуу даярдыктар жүрүп жатканын иш-чаранын уюштуруучу, коомдук активист Элнура Кулуева билдирди.

" Бул иш-чаранын максаты, улуттук баалуулуктарды даңазалоо .5-март Ак калпак күнүн коомчулук менен бирге майрамдап, борборубузда парад уюштурууну көздөп жатабыз. Бул күн "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү" деп токтом кабыл алынган. Дал ушул күнү 100 тонна беш бармак, 100 метрлик чучук жасоо үчүн кызуу даярдыктар көрүлүп жатат ", - дейт Элнура Кулуева.


Вернуться назад