Чыныгы окуянын негизде " Кечээ, бүгүн, эртең" драмасы тартылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Чыныгы окуянын негизде " Кечээ, бүгүн, эртең" драмасы тартылды

"Чоң экран" программасында "Классташ" гезитинин башкы редактору, режиссёр Гүлнара Эшалиева жана кичинекей актер Жыргал Жолдошбеков конокто болушту.



     16-февралда "Чоң экран" программасында "Классташ" гезитинин башкы редактору, режиссёр Гүлнара Эшалиева жана кичинекей актер Жыргал Жолдошбеков конокто болушту. Алар менен 22-февралдан тарта чыга турчу "Кечээ, бүгүн, эртең" тасмасы тууралуу маектештик.

      Гүлнара Эшалиеванын айтымында, бул тасма болгон окуянын негизде тартылган. " Тасманын сюжети Жумабек Осмоновдун "Шабдаалынын гүлү" пьесасынан алынды. Ал окуя чындыгында эле болгон экен. Бул тасма учурдагы үй бүлөлөрдүн проблемасын чагылдырат. Комедия жанрындагы тасмалар көрүүчүлөрдүн көйгөйлөрүн унуттурса, драма болсо чыныгы турмуштагы ал көйгөйлөрдү жаратпаш керек экендигин түшүндүрөт. Ошондуктан мен дебюттук ишимде драма жанрына токтолдум," –деди ал.

Ал эми кинодо башкы ролду жараткан 8 жашар Жыргал кантип тартылганын, кантип ыйлаганын айтып берди. Маекти толугу менен төмөндөн уга аласыздар.

Маектешкен: Гульзира Кенешова


Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться