Главная > Новости "Медиа Манас" / Радиоподкаст > Чыныгы окуянын негизде " Кечээ, бүгүн, эртең" драмасы тартылды

Чыныгы окуянын негизде " Кечээ, бүгүн, эртең" драмасы тартылды


16 февраля, 14:41. Разместил: sharizat

     16-февралда "Чоң экран" программасында "Классташ" гезитинин башкы редактору, режиссёр Гүлнара Эшалиева жана кичинекей актер Жыргал Жолдошбеков конокто болушту. Алар менен 22-февралдан тарта чыга турчу "Кечээ, бүгүн, эртең" тасмасы тууралуу маектештик.

      Гүлнара Эшалиеванын айтымында, бул тасма болгон окуянын негизде тартылган. " Тасманын сюжети Жумабек Осмоновдун "Шабдаалынын гүлү" пьесасынан алынды. Ал окуя чындыгында эле болгон экен. Бул тасма учурдагы үй бүлөлөрдүн проблемасын чагылдырат. Комедия жанрындагы тасмалар көрүүчүлөрдүн көйгөйлөрүн унуттурса, драма болсо чыныгы турмуштагы ал көйгөйлөрдү жаратпаш керек экендигин түшүндүрөт. Ошондуктан мен дебюттук ишимде драма жанрына токтолдум," –деди ал.

Ал эми кинодо башкы ролду жараткан 8 жашар Жыргал кантип тартылганын, кантип ыйлаганын айтып берди. Маекти толугу менен төмөндөн уга аласыздар.

Маектешкен: Гульзира Кенешова


Вернуться назад