Жаңы дайындалган Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Кыргыз-Түрк Манас университетине келип кетти. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаңы дайындалган Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Кыргыз-Түрк Манас университетине келип кетти.

Түркия Республикасынын элчиси Женгис Камил Фырат, Кыргыз-Түрк Манас университетинин жетекчилиги менен жолугушту.



Жаңы дайындалган Түркия Республикасынын элчиси Женгис Камил Фырат, Кыргыз-Түрк Манас университетинин жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуу сапарында элчи Женгис Камил Фырат менен кошо элчиликтин өкүлдөрүнөн Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Режеп Сула, үчүнчү катчы Гөксел Гөней, Айше Айдогду жана атташе Айше Карасач дагы болушту. 

Аталган делегация  жаңырган жылдын 9-январында университеттин окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү менен баарлашты.

Жолугушууда биринчи проректор Проф. Докт. Асылбек Кулмырзаевдин алгы сөзүнөн кийин окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү өздөрүн таанытышты.

Коммуникация факультети тарабынан даярдалган окуу жайды таанытуу тасмасы жана МедиаМанас тарабынан даярдалган жаңы курулуштар тасмасы көрсөтүлдү. Аркасынан проф. Докт. Асылбек Кулмырзаев университети тууралуу кенен маалымат берди. Докладынын башында учурда Түркияда жүргөн ректор Проф. Докт. Себахаттин Балжынын, элчи Женгис Камил Фыраттын университетке келишине карата жиберген “кош келдиңиз” маанисиндеги билдирүүсү окулду.

Андан соң окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылган ыйгарым укуктуу элчи Женгис Камил Фырат, Кыргызстан тууралуу алгачкы көз караштарын, адамдардын ага кылган жакшы мамилелеринен улам өзүн бул жерде чоочун сезбегендигин, боордош эки өлкө ортосундагы бардык катнаштарды бекемдей турган көптөгөн улуу пикирлерге ээ экендигин, КТМУнун кызматкерлери менен чоң максаттарды коюп, аларды ишке ашырууда кызматташкысы келгендигин, Манас университетинин өнүккөн окуу жай катары жайгашкан аймагына көп пайдаларды алып келгенин көрүп абдан кубангандыгын айтып кетти.

Өз кезегинде окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү дагы ыйгарым укуктуу элчинин атайы окуу жайга келгени үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Жолугушуунун соңунда ректорлук тарабынан Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Женгис Камил Фыратка Көркөм Өнөр факультети тарабынан кол өнөрчүлүк менен даярдалган пано белекке ыйгарылып, катышуучулардын баары эстеликке сүрөткө түшүштү.


Загрузка плеера...


Новый посол Турецкой Республики в Бишкеке посетил Кыргызско-Турецкий университет “Манас” Новый посол Турецкой Республики в Бишкеке посетил Кыргызско-Турецкий университет “Манас” Новый посол Турецкой Республики в Бишкеке посетил Кыргызско-Турецкий университет “Манас” Новый посол Турецкой Республики в Бишкеке посетил Кыргызско-Турецкий университет “Манас” Новый посол Турецкой Республики в Бишкеке посетил Кыргызско-Турецкий университет “Манас” Новый посол Турецкой Республики в Бишкеке посетил Кыргызско-Турецкий университет “Манас” Новый посол Турецкой Республики в Бишкеке посетил Кыргызско-Турецкий университет “Манас” Новый посол Турецкой Республики в Бишкеке посетил Кыргызско-Турецкий университет “Манас” Новый посол Турецкой Республики в Бишкеке посетил Кыргызско-Турецкий университет “Манас” Новый посол Турецкой Республики в Бишкеке посетил Кыргызско-Турецкий университет “Манас”

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться