Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди

Mаалыматты Кыргыз Республикасынын Көкбөрү федерациясыда тастыктады.



Кыргыздын улуттук оюну Түштүк Кореянын Чежу аралында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 12-сессиясында каралып, көкбөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

ЮНЕСКОнун расмий сайтында жарыяланган Көкбөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилгени тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Көкбөрү федерациясыда тастыктады. Көкбөрү федерациясынан маалымдалгандай, буга чейин 2014-жылы көкбөрү оюнун каттоого документтер жиберилгенде кайра толуктоолорду киргизүү үчүн артка кайтарылган. Бул жылы жалпысынан тизмеге киргизүү 49 номинация  менен каралган. Буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргыздын "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпикалык үчилтиги, ала кийиз менен шырдак, айтыш өнөрү, боз үй, Нооруз майрамы, Оштогу Сулайман-Тоо кирген.


Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться