Главная > Новости "Медиа Манас" > Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди

Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди


7 декабря, 12:00. Разместил: sharizat

Кыргыздын улуттук оюну Түштүк Кореянын Чежу аралында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 12-сессиясында каралып, көкбөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

ЮНЕСКОнун расмий сайтында жарыяланган Көкбөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилгени тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Көкбөрү федерациясыда тастыктады. Көкбөрү федерациясынан маалымдалгандай, буга чейин 2014-жылы көкбөрү оюнун каттоого документтер жиберилгенде кайра толуктоолорду киргизүү үчүн артка кайтарылган. Бул жылы жалпысынан тизмеге киргизүү 49 номинация  менен каралган. Буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргыздын "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпикалык үчилтиги, ала кийиз менен шырдак, айтыш өнөрү, боз үй, Нооруз майрамы, Оштогу Сулайман-Тоо кирген.


Вернуться назад