Генеральный директор ОТРК выступил в прямом эфире радио “Манас”. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Генеральный директор ОТРК выступил в прямом эфире радио “Манас”.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин радио жана телекөрсөтүү башкармалыгынын жетекчисинин чакыруусу менен “Манас” радио – телеканалында болду.



Радио жана телестудияны көрүп, эфирдин мазмуну менен таанышып чыккан соң КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков, “Манас” радиосу тууралуу радиоуктурууларынан билээрин жана техникалык жабдылышы көңүл кубантаарлык экенин белгиледи.

Илим Карыпбеков “Манас”радиосунун түз эфирине катышып, КТРК тууралуу бир катар суроолорго жооп берди.

Мындан сырткары Илим Карыпбеков “Манас” радио-телеканалы менен кызматташууга даяр экенин да белгиледи.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков “Манас” университетинин ректору, доктор Себахаттин Балжы менен да баарлашты.

Баарлашуунун жүрүшүндө КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков университетке жасалып жаткан инвестицияларга, билим берүүнүн сапатына кыргызстандыктардын атынан  КТМУнун ректору, профессор, доктор Себахаттин Балжыга ыраазычылык айтты. Мындан сырткары Илим Карыпбеков жакында эле Түркияга иш сапары менен болуп кайтканын да маалымдады. КТРК Кыргызстандагы эң популярдуу канал экенин айтып, коомдук каналда “Даңазалуу доор” сериалы абдан популярдуу экенин жашырган жок. Отметив, что ОТРК является самым популярным каналом Кыргызстана, Илим

Ректор, профессор, доктор Себахаттин Балжы Кыргыз-Түрк “Манас” университети үчүн КТРК менен кызматташтык абдан маанилүү экенин айтып, мындан ары да алакалар кеңейип,биргелешип иш алып баруу улаанарына ишенимин артты.

Генеральный директор ОТРК выступил в прямом эфире радио “Манас”. Генеральный директор ОТРК выступил в прямом эфире радио “Манас”. Генеральный директор ОТРК выступил в прямом эфире радио “Манас”. Генеральный директор ОТРК выступил в прямом эфире радио “Манас”. Генеральный директор ОТРК выступил в прямом эфире радио “Манас”. Генеральный директор ОТРК выступил в прямом эфире радио “Манас”.

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться