Университетибизди Кыргызстанда кеңири таанытуу жаатында ыктыярдуу элчилер өзүнүн иш аракеттерин жүргүзүп башташты.
Таанытуу иштери боюнча комиссиянын төрагасы, ректор жардамчысы, профессор, доктор Али Бахадырдын демилгеси менен 25-декабрда университеттин Студенттик кеңеши ыктыярчы топко маалыматтарды берүү боюнча жыйналыш өттү. Жыйында комиссиянын төрагасы, ректор жардамчысы, профессор, доктор Али Бахадыр жана комиссия мүчөсү, доктор Бүлент Намал сөз сүйлөдү.
Проф., д-р Али Бахадыр университетибиздин мүмкүнчулүктөрү тууралуу айтып берип, ыктыярчылар тобунун окуу жайды тааныштыруу иштериндеги аткара турган милдеттерин белгиледи жана студенттерге ушул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууга багыттоо экенин ырастады.
Д-р Бюлент Намал иш-чаранын катышуучуларын, университетти таанытуу иш-чарасынын ыктыярдуу элчилери менен интерактивдүү маек,сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Мындан ары эми окуу жайды тааныштыруу иш-чаралары боюнча ыктыярдуу элчилердин ишин жогоруда белгиленген проф., д-р Али Бахадыр жетектеген комиссия жана студенттик кеңеш координациялап, мектептерде, студенттер келген Кыргызстандын аймактарында “Манас” университетин таанытуу иштери жүргүзүлөт. Таанытуу иш-чаралары жаңы 2016-жылдын январь айынан тарта башталат.