Главная > Университет > Ытыярдуу элчилер таанытуу жаатында иш-аракеттерин башташты.
Ытыярдуу элчилер таанытуу жаатында иш-аракеттерин башташты.25 декабрь, 16:03. Разместил: bn |
|
Таанытуу иштери боюнча комиссиянын төрагасы, ректор жардамчысы, профессор, доктор Али Бахадырдын демилгеси менен 25-декабрда университеттин Студенттик кеңеши ыктыярчы топко маалыматтарды берүү боюнча жыйналыш өттү. Жыйында комиссиянын төрагасы, ректор жардамчысы, профессор, доктор Али Бахадыр жана комиссия мүчөсү, доктор Бүлент Намал сөз сүйлөдү. Проф., д-р Али Бахадыр университетибиздин мүмкүнчулүктөрү тууралуу айтып берип, ыктыярчылар тобунун окуу жайды тааныштыруу иштериндеги аткара турган милдеттерин белгиледи жана студенттерге ушул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууга багыттоо экенин ырастады. Д-р Бюлент Намал иш-чаранын катышуучуларын, университетти таанытуу иш-чарасынын ыктыярдуу элчилери менен интерактивдүү маек,сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындан ары эми окуу жайды тааныштыруу иш-чаралары боюнча ыктыярдуу элчилердин ишин жогоруда белгиленген проф., д-р Али Бахадыр жетектеген комиссия жана студенттик кеңеш координациялап, мектептерде, студенттер келген Кыргызстандын аймактарында “Манас” университетин таанытуу иштери жүргүзүлөт. Таанытуу иш-чаралары жаңы 2016-жылдын январь айынан тарта башталат. Вернуться назад |