АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты

“Ак Илбирс” улуттук киносыйлыгынын  тапшыруу аземи 14-апрелде “Манас” кинотеатрында болуп өттү.



АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты, “атак-даңк аллеясы” орнотулду

 

             “Ак Илбирс” улуттук киносыйлыгынын  тапшыруу аземи 14-апрелде “Манас” кинотеатрында болуп өттү. Анда өлкөнүн жана Борбор Азиянын мыкты делген кинематографисттери сыйланды.

            Жалпысынан 18 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

“Эң мыкты тасма” – “Атанын керээзи” (реж. Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу)

“Мыкты даректүү тасма” – “Жашыл жазда кылдарым орундалат” (реж. Аман Ажымат)

“Мыкты кыскаметраждуу тасма” – “Олжо” (реж. Болсунбек Таалайбек уулу)

“Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” – “План Б” (реж. Бакыт Осмонканов)

“Мыкты режиссёр” -  “Атанын керээзи” (реж. Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу)

“Мыкты сценарий” – “Атанын керээзи” (Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу)

“Мыкты оператор” – “Атанын керээзи” (Акжол Бекболотов)

“Мыкты художник” – “Атанын керээзи” (Урмат Осмоев)

“Мыкты монтаж” – “Атанын керээзи” (Актан Рыскелдиев)

“Эркектин мыкты ролу” – “Атанын керээзи” (Иман Мукул)

“Аялдын мыкты ролу” – “Мунабия” (Мээрим Атантаева)

“Мыкты композитор” – “Мунабия” (Мурзалы Жээнбаев)

“Мыкты үн режиссёру” – “Мунабия” (Калыбек Шерниязов)

“Борбор Азиянын мыкты тасмасы” – “Энеге карай жол” (Казакстан, реж. Акан Сатаев)

“Борбор Азиянын мыкты актёру” – “Маймылдын түшү” (Тажикстан, Баходур Миралибеков)

“Борбор Азиянын мыкты актрисасы” – “Күздүн таржымалы” (Өзбекстан, Феруза Саидова)

            Белгилей кетсек, “Улуттук кинематографияга кошкон зор салымы үчүн” атайын сыйлык эл жазуучусу, драматург, сценарист Мар Байжиевге тапшырылды. Андан сырткары “Дүйнөлүк кинематогафияга кошкон салымы үчүн” атайын сыйлык түркмөн кинорежиссеру, сценарист Ходжакули Нарлиевге берилди.

Мындан тышкары, “Ак Илбирс-2017” сыйлыгынын алкагында Бишкекте  “атак-даңк аллеясынын” ачылышы болду. Бул демилге Садык Шер Ниязга таандык. Ага ылайык кинематографияга салымын кошкон инсандардын манжа жана бут издери менен такталар төшөлөт. Алардын алгачкылары Мар Байжиев жана Ходжакули Нарлиев болду.

Аталган иш чара Маданият маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин, КР дин  кинематографисттер союзунун, “Айтыш” коомдук фондусунун жана Кинематографияны өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен уюштурулду. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт.

Жазган: Гульзира Кенешова

Сүрөт: Саламат Иманов

АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты АК ИЛБИРС-2017: сыйлыктар ээлерин тапты

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться