Кыргызстандын өнөр-жай иштетүү тармагы 2017-жылдын алгачкы үч айында тездик менен өстү.
Кыргызстандын өндүрүшү башка жылдарга салыштырмалуу 2017- жылдын алгачкы үч айында 35,9%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жетекчисинин орун басары Люксина Текеева пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында, бул жылдын кирешеси башка жылдарга салыштырмалуу 751 миллион 304 миң 376 доллар өлчөмүндө өстү.
Люксина Текееванын берген маалыматына таянсак, өнөр-жай тармагындагы жетишкендиктер металл рудаларын казып алуу, тазаланган мунай азыктары, тамак-аш жана кездеме иштетүүнүн натыйжасында болуп жатат.
Анадолу маалымат агенттиги