Главная > Экономика > Кыргызстандын өнөр-жайы өнүгүүдө

Кыргызстандын өнөр-жайы өнүгүүдө


11 апреля, 14:56. Разместил: bn

Кыргызстандын өндүрүшү башка жылдарга салыштырмалуу 2017- жылдын алгачкы үч айында 35,9%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жетекчисинин орун басары Люксина Текеева пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында, бул жылдын кирешеси башка жылдарга салыштырмалуу 751 миллион 304 миң 376 доллар өлчөмүндө өстү.

Люксина Текееванын берген маалыматына таянсак, өнөр-жай тармагындагы жетишкендиктер металл рудаларын казып алуу, тазаланган мунай азыктары, тамак-аш жана кездеме иштетүүнүн натыйжасында болуп жатат.

 

Анадолу маалымат агенттиги


Вернуться назад