Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Манас радиосунда , “Кыргыз Киносуна саякат” программасы.



Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Аталган программанын алкагында бүгүн“Бакайдын жайыты” тасмасы тууралуу сөз кылабыз.

Кыргыз киносуна саякат: “Бакайдын жайыты”

"Бакайдын жайыты" фильми алгачкы улуттук көркөм  тасма катары өзгөчө орду бар. Быйыл бул тасманын экранга чыкканына 80 жыл толду.

Тартуучу топ:

Койгон режиссёр- Төлөмүш Океев

Сценарий- Кадыркул Өмүркулов, Төлөмүш Океев

Койгон оператор- Кадыржан Кыдыралиев

Композитор- Таштан Эрматов

Үн оператору- Николай Шарый

Койгон сүрөтчү- Сагынбек Ишенов

Монтаж- Ракыя Шершенова

Тартылган актерлор:

Муратбек Рыскулов-Бакай (башкы роль)

Алиман Жангорозова-Урум (башкы роль)

Советбек Жумадылов- Адым (башкы роль)

Б.Рыскулова-Айнаш

Насретдин Дубашев-Калык

Самак Алымкулов-Рыскул

Сабирова Күмүшалиева

Ата-бабасы илгертен жашап келген жанга жайлуу жайлоосун таштап, кан-жандары менен бир болуп калган жерден көчүүгө муктаж болгон адамдардын жашоосун баяндаган бул тасма Төлөмүш Океевдин атын бүт дүйнөгө чыгарды десек жаңылбайбыз. Бул тасма анын дебюттук тасмасы деп да айтылып келет. Бирок, залкар режиссёр “Бакайдын жайытын” тартаардан мурда “Жылкылар” аттуу документалдык тасманы тарткан. Демек, бул тасма- Төлөмүш Океевдин жана “Кыргыз киносунун” алгачкы көркөм тасмасы.

Сюжетин эске салсак, тасма Калык аттуу мектеп окуучусу жана анын көчмөн ата-энеси тууралуу баяндайт. Анда, Калык жайкы эс алууну ата-энеси менен өткөрүү үчүн келет. Анын атасы Бакай жана апасы Урум өмүр бою мал багуу менен жашашкан. Алардын үч уул, эки кызы шаарда жашашат. Ата-бабасынан калган жерди, ишти таштагысы келбеген Бакай Калыктын алар менен бирге калып, малчылык менен алектенүүсүн каалайт. Бирок шаардын жашоосун көрүп келген уулу билим алып, шаарда иштегиси келет. Мындан тышкары да, көчмөндөрдүн тынч жашоосуна “прогресс” кирип келет. Жайыттар жардырылып жолдор салынып баштайт. Өз ишин улантууну, өз жеринде калууну каалаган Бакай башка жерге көчүүгө аргасыз болот.

Тасманын дареги:

Сценарий даяр болуп, кабыл алынгандан соң тартуу иштерине даярдыктар бир жылдай убакытты талап кылган. Тартуу иштеринде чоң кыйынчылыктар болгонуна карабай, план боюнча эле Ысык-Көлдө жана Суусамырда тартылган.  Чоң экранга, 1967-жылы сентябрда Фрунзе шаарында,  1968-жылы февралда Москва шаарында чыккан.

"Бакайдын жайыты" кыргыз кереметинин башталышы болгон десек болот. Кыргыз киносундагы алгачкы сценарист - Кадыр Өмүркулов, алгачкы оператор - Кадыржан Кыдыралиев, монтажчы Ракыя Шершенова мыкты адистерден болушкан. Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Алиман Жангорозова өңдүү залкар артисттер тасманы көркүнө чыгарышкан.

Сыйлыктар:

“Бакайдын жайыты”  тасмасы КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты деп саналган тасмалардын ичине кирди. Бул «Биздин классика» аталган жыйнакка кирген биринчи кыргыз тасмасы экенин эскерте кетели. Тасма 1966-жылы тартылып, кыргыз элинин жашоосу сүрөттөлүп, өз учурунда эң жакшы наамдарга ээ болгон.

 

  • Адабият жана исскуство жаатында Ленин комсомолунун премиясы менен Төлөмүш Океев, Кадыркул Өмүркулов, Кадыржан Кыдыралиев сыйланган.( 1968)
  • III Бүткүлсоюздук кинофестивалда (Ленинград)  Төлөмүш Океев дебюттук тасмасы үчун атайын премия менен сыйланган.( 1968)
  • Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Казакстандын VI фестивалында «Crystal Mountain» сыйлыгына ээ болгон.( 1969)
  • Германиянын Франкфурте-на-Майне шаарында өткөн VI Эл аралык кино-фестивалда ардак диплому менен сыйланган.( 1969)
  • I Ташкенттик Азия жана Африка өлкөлөрүнүн кино-фестивалында диплом менен сыйланган.( 1969)

Койгон режиссёр- Төлөмүш Океев

СССР дин эл артисти. Генадий Базаров, Болот Шамшиев сыяктуу “кыргыз кереметинин” жаратуучуларынын бири.

Режиссердук эмгектери:

1986- Махабат дастаны (Миражи любви)

1984-Кожожаш (Потомок белого барса)

1980- Алтын күз (Золотая осень)

1977- Улан (Улан)

1975- Кызыл алма (Красное яблоко)

1973- Көк серек (Лютый)

1971- Уркуя (Поклонись огню)

1966- Бакайдын жайыты (Небо нашего детства)

Кино сценарист катары катышкан эмгектери:

1990- Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт (Пегий пес, бегущий краем моря (Германия, СССР)

1988- Куугунтук (Преследование)

1986- Махабат дастаны (Миражи любви)

1984- Кожожаш (Потомок белого барса)

1977- Улан (Улан)

1975- Кызыл алма (Красное яблоко)

1971- Уркуя (Поклонись огню)

1966- Бакайдын жайыты (Небо нашего детства)

Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгынын ээси (1967). Кыргызстан Мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1972).

Сценарийин жазган-Кадыркул Өмүркулов

К.Өмүркуловдун биринчи адабий иши 1965-жылы экранга чыккан «Бакайдын жайыты» кинофильмине жазган сценарийи болуп эсептелет.

Орус жана кыргыз тилдеринде жазат.

Бир катар повесттердин, аңгемелердин, киноповесттердин жана сценарийлердин автору. Анын сценарийлери боюнча «Ак куулар конгон айдың көл», «Каныбек», «Эски тегирмен», «Жер касиети», “Кербез”, “Акжолтой”, “Бурма” ж. б. кинофильмдер тартылып, эл аралык кинофестивалдарда ар кандай сыйлыктарды жеңип алган.

1968-жылы «Бакайдын жайыты» кинофильми үчүн республиканын Ленин Комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон.

1965-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун, 1984-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

1979-жылы “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери” наамы ыйгарылган.

1994-жылдан бери “Кыргызстан-Германия” достук коомунун жетекчиси.

Кыргыз ССР ЖКнын Ардак грамоталары, 1991-ж. “Эл достугу” ордени, 2001-ж. “Даңк” медалы менен сыйланган.

2006-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу” деген ардактуу наамга ээ болгон.

Койгон оператор- Кадыржан Кыдыралиев

Кинооператор, кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1982). Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1969). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын (1968), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972, «Уркуя» фильм» учун),«Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

 Актерлор:

Муратбек Рыскулов

Муратбек Рыскулов 1909-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кайрыма айылында туулган. Таланттуу актёр бүт өмүрүн искусствого арнап, кыргыз театрынын түптөлүшү үчүн кызмат кылып, кыргыз актёрлорунун устаты болгон. М.Рыскулов 1974-жылы оорусуна карата жасалган операциядан кийин жакшы боло албай 65 жаш курагында бул дүйнөдөн узап кеткен.

У. Шекспирдин “Отеллосунда” Отеллонун, “Король Лиринде” Лирдин, К.Жантөшевдин “Курманбегинде” Тейитбектин образдарына түбөлүктүү өмүр берип кеткен. Ал эми кино тармагында жараткан биринчи образы 1949-жылы тартылган “Алитет тоо таянды” аттуу тасмадагы Ваалдын образы болгон. Актёр “Салтанат”, “Муз жүрөк жөнүндө баян”, “Тянь-Шань кызы”, “Бакайдын жайыты”, “Ашуудагы ок атуу”, “Ак мөөр” тасмаларында негизги ролдорду ойногон.

Алиман Жанкорозова

Театр актрисасы, театр режиссеру, киноактриса, диктор.

Киноролдору:

Эне (реж. А. Алымбаев, «Тянь-Шань кызы»)

Жаңыл (И. И. Поплавская, «Жамыйла»)

Урум (Т. Океев, «Бакайдын жайыты»)

Айымжан (Б. Шамшиев, «Каргыш»)

Эне (И. Ибрагимов, «Ташка басылган элестер»)

Эне (Т. Океев, «Көк серек»)

Сайкал эне (Т.Океев, «Ак илбирстин тукуму») жана башка.

Советбек Жумадылов

С.Жумадылов Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында ондогон драмалык, трагедиялык жана комедиялык маанайдагы ролдорду эң жогорку артисттик чеберчилик менен аткарган, чыгармачылык диапозону өтө кеңири, көзүнүн тирүүсүндө эле кыргыз сахна өнөрүнө даңаза жана кумир болгон инсан.

Анын Солтобайы менен Ашырбайы("Ашырбай"), Войницкийи ("Ваня таеке"), Мырзакулу ("Бетме-Бет"), Чарыны ("Ак боз ат"), Маке чалы ("Алтын аяк"), Подколесини ("Үйлөнүү"), Эзобу ("Эзоп"), Доктору ("Унутулган адам"), Отеллосу ("Отелло"), Омор Хаямы (“Омор Хаямдын махабаты”), Ричарды ("Ричард III"), Эдигейи ("Кылым карыткан күн") ж.б. кыргыздын улуттук сахна өнөрүндө өтө жогору бийиктикке чыккан образдар болуп саналышат.

Даярдагандар: Гүлзира Кеңешова

                         Аят Бакаева

 

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться