Кыялымдагы Кыргызстан » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыялымдагы Кыргызстан

Бишкекте 5000ден ашык жаштын башын бириктирген «Кыялымдагы Кыргызстан» форуму өттү!



5-ноябрда борбор калаадагы «Жаштык Арена» стадионунда өлкөнүн булуң-бурчунан келген лидерлер, студенттер жана коомдук активисттер чогулду. Масштабдуу иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурду.
Форумда жаштардын билим алуусу, жумуш менен камсыз болушу жана ишкердик демилгелери талкууланып, сурамжылоонун жыйынтыктары жарыяланды. Ошондой эле, өлкө өнүгүүсүнө салым кошкон активисттерге “Жаштар саясатынын отличниги” төш белгилери тапшырылды.
Студенттер арасындагы чыгармачылык сынактын жеңүүчүлөрү:
Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) — 1-орун
Кыргыз-Түрк "Манас" университети — 2-орун
Бишкек мамлекеттик университети (БМУ) — 3-орун
Мындай форумдар алдыдагы күндөрү Ош шаарында жана башка аймактарда улантылат. Жаштардын үнү — өлкөнүн келечеги!

Жазган: Даткайым Кубанычбекова

Кыялымдагы Кыргызстан Кыялымдагы Кыргызстан Кыялымдагы Кыргызстан Кыялымдагы Кыргызстан

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться