Главная > Культура > Кыялымдагы Кыргызстан

Кыялымдагы Кыргызстан


Yesterday, 15:22. Разместил: sharizat

5-ноябрда борбор калаадагы «Жаштык Арена» стадионунда өлкөнүн булуң-бурчунан келген лидерлер, студенттер жана коомдук активисттер чогулду. Масштабдуу иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурду.
Форумда жаштардын билим алуусу, жумуш менен камсыз болушу жана ишкердик демилгелери талкууланып, сурамжылоонун жыйынтыктары жарыяланды. Ошондой эле, өлкө өнүгүүсүнө салым кошкон активисттерге “Жаштар саясатынын отличниги” төш белгилери тапшырылды.
Студенттер арасындагы чыгармачылык сынактын жеңүүчүлөрү:
Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) — 1-орун
Кыргыз-Түрк "Манас" университети — 2-орун
Бишкек мамлекеттик университети (БМУ) — 3-орун
Мындай форумдар алдыдагы күндөрү Ош шаарында жана башка аймактарда улантылат. Жаштардын үнү — өлкөнүн келечеги!

Жазган: Даткайым Кубанычбекова


Вернуться назад