Кырчын жайлоосунда өткөн ордо боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өткөн ордо боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
1–5-сентябрь күндөрү Спорт ордосунда уюштурулган мелдешке 13 мамлекеттен 13 команда катышып, улуттук оюндун мыктыларын аныкташты.
Жыйынтыгында кыргызстандык команда атаандаштарын артка калтырып, биринчи орунду ээледи.
Кыргызстан — 500 миң сом
АКШ — 400 миң сом
Казакстан — 300 миң сом
Ошентип, ордо боюнча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону Кыргызстан болду.
Ордо — кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири. Анын дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өткөрүлүшү кыргыздын салттуу маданиятын жана улуттук оюндарын эл аралык деңгээлде жайылтууга өбөлгө түзөт.