Главная > Спорт > VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ордо боюнча чемпион ким?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ордо боюнча чемпион ким?


Вчера, 09:00. Разместил: sharizat

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өткөн ордо боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

1–5-сентябрь күндөрү Спорт ордосунда уюштурулган мелдешке 13 мамлекеттен 13 команда катышып, улуттук оюндун мыктыларын аныкташты.

Жыйынтыгында кыргызстандык команда атаандаштарын артка калтырып, биринчи орунду ээледи.

Кыргызстан — 500 миң сом
АКШ — 400 миң сом

 Казакстан — 300 миң сом

Ошентип, ордо боюнча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону Кыргызстан болду.

Ордо — кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири. Анын дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өткөрүлүшү кыргыздын салттуу маданиятын жана улуттук оюндарын эл аралык деңгээлде жайылтууга өбөлгө түзөт.


Вернуться назад