Пассивдүү агрессия тымызын зомбулук көрсөтүүбү? » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Пассивдүү агрессия тымызын зомбулук көрсөтүүбү?

Башкаларга физикалык же психологиялык зыян келтирүүгө багытталган жүрүм-турум агрессия деп аталат.



Др. Салтанат Кыдыралиева

Instagram: @saltanat_psychology

Башкаларга физикалык же психологиялык зыян келтирүүгө багытталган жүрүм-турум агрессия деп аталат. Аны ачуудан, каардан айырмалоо керек, анткени ачуунун максаты — тоскоолдукту жеңип чыгуу, бирок бул дайыма эле бирөөгө зыян келтирүү же жок кылуу аркылуу ишке ашпайт. Эгер мындай жүрүм-турум атайылап жана негизги максаты кастап жаракат келтирүү же жок кылуу болсо, анда ал душмандык агрессия (hostile aggression) деп аталат.

Агрессиянын башка түрлөрү атайын кастап зыян келтирүүгө багытталбашы мүмкүн жана алар эки түр мотивация менен түшүндүрүлөт.

  • Инструменталдык агрессия — бул негизинен башка бир максатка жетүү үчүн жасалган аракет, мисалы, каалаган ресурска ээ болуу.
  • Аффективдик агрессия болсо күчтүү эмоциялык реакция менен байланыштуу болуп, адатта кайгы же нааразычылыктын булагы деп кабыл алынган адамга же объектке багытталат. Бирок эгер бул тынчсызданууну жараткан булакка түздөн-түз кол салуу мүмкүн болбосо, анда агрессия башка адамдарга же объекттерге которулуп кетиши мүмкүн (бул которулган агрессия же displaced agression деп аталат).

Зигмунд Фрейддин классикалык психоаналитикалык теориясында агрессивдүү импульс тубаса деп эсептелинет жана ал өлүм инстинктинен келип чыгат деп түшүндүрүлөт. Бирок Фрейддин теориясын карманбаган психоаналитиктер жана психоанализден тышкаркы багыттагы психологдор — агрессияны коомдук тажрыйба аркылуу үйрөнүлгөн жүрүм-турум же чыңалууга, кыжырданууга болгон реакция катары карашат.

Пассивдүү-агрессивдүү жүрүм-турум - бул сыртынан караганда зыянсыз, кокустук же нейтралдуу көрүнгөн, бирок чындыгында аң-сезимсиз агрессивдүү ниетти кыйыр түрдө билдирген жүрүм-турумдун мүнөздөмөсү.

Мисалы, бир адам дайыма башкаларды күттүрүп коюп, анан адамдар эмне үчүн анын мындай жүрүм-турумуна нааразы болуп жатканын түшүнбөгөнсүп таң калат. Чындыгында болсо, ал өзүнүн өзгөчө экенин көрсөтүүгө болгон аң-сезимсиз каалоосун жана анын өзгөчөлүгүн тааныбай койгон адамдарды кыжырдандыруу ниетин пассивдүү-агрессивдүү жол менен жашырып жатат.

Психоанализде тымызын агрессия — психологиялык коргонуунун бир формасы катары каралып, аң-сезим “жаман”, зыяндуу деп эсептеп, эссиздикке сүрүп чыгарган ачуунун өзгөртүлгөн формада кайра кайтып келиши деп түшүндүрүлөт. Адам пассивдүү агрессия аркылуу ачуулануу сезимин айкын билдирүүнү каалап, бирок ошол эле учурда ачык талаш-тартыштан качкысы келген кезде колдонушу мүмкүн.

Пассивдүү-агрессивдүү жүрүм-турумдун “кызыл желектери”:
(1) Карама-каршы мааниге келген комплименттер
(2) Мактагандай болуп бирок чынында сындоо же шылдың кылуу
(3) Жашыруун билдирүү менен берилген белектер
(4) Жесттер же мимика аркылуу билдирүүлөр
(5) Макулдашууларды аткарбоо, кечигүү, күттүрүү
(6) Унчукпай калуу, суроолорду жоопсуз калтыруу

  • “Эмне кылуу керек?”
    Биринчиден, каршыңыздагы кишинин жүрүм-туруму пассивдүү агрессия экенин түшүнүү зарыл.
  • Экинчиден, пассивдүү агрессивдуу журум-турум маселеси сизде эмес, башка адамдын ичиндеги маселе. Сиз өзүңүздүн сөзүңүз, аракеттериңиз, сезимдериңиз менен — пассивдүү агрессия механизмин иштеткен дүүлүктүрүүчү (триггер) болушуңуз божомол (мыйзамдардын жана этиканын чегинде болсо); бирок адамдын агрессияга барышынын себептери ошол адамдын өзүнүн психикасында жатат.
  • Үчүнчүдөн, маселени талкуулаганга, сүйлөшкөнгө аракет кылып көрүңүз. Сизге карата пассивдүү агрессия көрсөткөн адам эмне кылып жатканын толук түшүнүшү мүмкүн же түшүнбөшү да мүмкүн. Ал тургай өзүнүн терс жүрүм-турумунан өзү да жабыркап жүрүшү ыктымал.

Бул темада оз тажрыйбаңызды комментарийге жаза кетиниз!

Булактар: American Psychological Association, APA Dictionary of Psychology. Available at https://dictionary.apa.org/passive-aggressive

- “Agression”

- “Passive-agressive”

Пассивдүү агрессия тымызын зомбулук көрсөтүүбү? Пассивдүү агрессия тымызын зомбулук көрсөтүүбү? Пассивдүү агрессия тымызын зомбулук көрсөтүүбү?

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться