Главная > Здоровье / Новости "Медиа Манас" / Образование > Пассивдүү агрессия тымызын зомбулук көрсөтүүбү?
Пассивдүү агрессия тымызын зомбулук көрсөтүүбү?Вчера, 12:39. Разместил: sharizat |
|
Др. Салтанат Кыдыралиева Instagram: @saltanat_psychology Башкаларга физикалык же психологиялык зыян келтирүүгө багытталган жүрүм-турум агрессия деп аталат. Аны ачуудан, каардан айырмалоо керек, анткени ачуунун максаты — тоскоолдукту жеңип чыгуу, бирок бул дайыма эле бирөөгө зыян келтирүү же жок кылуу аркылуу ишке ашпайт. Эгер мындай жүрүм-турум атайылап жана негизги максаты кастап жаракат келтирүү же жок кылуу болсо, анда ал душмандык агрессия (hostile aggression) деп аталат. Агрессиянын башка түрлөрү атайын кастап зыян келтирүүгө багытталбашы мүмкүн жана алар эки түр мотивация менен түшүндүрүлөт.
Зигмунд Фрейддин классикалык психоаналитикалык теориясында агрессивдүү импульс тубаса деп эсептелинет жана ал өлүм инстинктинен келип чыгат деп түшүндүрүлөт. Бирок Фрейддин теориясын карманбаган психоаналитиктер жана психоанализден тышкаркы багыттагы психологдор — агрессияны коомдук тажрыйба аркылуу үйрөнүлгөн жүрүм-турум же чыңалууга, кыжырданууга болгон реакция катары карашат. Пассивдүү-агрессивдүү жүрүм-турум - бул сыртынан караганда зыянсыз, кокустук же нейтралдуу көрүнгөн, бирок чындыгында аң-сезимсиз агрессивдүү ниетти кыйыр түрдө билдирген жүрүм-турумдун мүнөздөмөсү. Мисалы, бир адам дайыма башкаларды күттүрүп коюп, анан адамдар эмне үчүн анын мындай жүрүм-турумуна нааразы болуп жатканын түшүнбөгөнсүп таң калат. Чындыгында болсо, ал өзүнүн өзгөчө экенин көрсөтүүгө болгон аң-сезимсиз каалоосун жана анын өзгөчөлүгүн тааныбай койгон адамдарды кыжырдандыруу ниетин пассивдүү-агрессивдүү жол менен жашырып жатат. Психоанализде тымызын агрессия — психологиялык коргонуунун бир формасы катары каралып, аң-сезим “жаман”, зыяндуу деп эсептеп, эссиздикке сүрүп чыгарган ачуунун өзгөртүлгөн формада кайра кайтып келиши деп түшүндүрүлөт. Адам пассивдүү агрессия аркылуу ачуулануу сезимин айкын билдирүүнү каалап, бирок ошол эле учурда ачык талаш-тартыштан качкысы келген кезде колдонушу мүмкүн. Пассивдүү-агрессивдүү жүрүм-турумдун “кызыл желектери”:
Бул темада оз тажрыйбаңызды комментарийге жаза кетиниз! Булактар: American Psychological Association, APA Dictionary of Psychology. Available at https://dictionary.apa.org/passive-aggressive - “Agression” - “Passive-agressive” Вернуться назад |