“Манас” университетинде француз даамдары » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” университетинде француз даамдары

“Манас” университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби жана Франциянын Кыргызстандагы элчилиги биргелешип уюштурган француз ашканасынын өзгөчөлүгү менен тааныштырган мастер -класс уюштурулду.



2016-жылдын 19-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби жана Франциянын Кыргызстандагы элчилиги биргелешип уюштурган француз ашканасынын өзгөчөлүгү менен тааныштырган мастер -класс уюштурулду.

Мастер –класска Кыргызстандагы ресторан ээлери, менеджерлер жана ашпозчулар катышты. 

Аталаган иш-чаранын башкы максаты-  Кыргызстандагы ресторан иши жана кулинардык өнөргө кызыккан адамдарды бир аянтчага чогултуп, туризм секторундагы мамилелерди бекемдөө.

Куликовский кондитер үйүнүн (Бишкек) француз башчысы Клауди Менард француз ашканасынын  өзгөчө даамдарын даярдоонун, ар кандай таттуулар менен тамак-ашты коздоо чеберчилигинен бир канча мисалдарды  көрсөтүп берди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы бул иш-чарада жеке секторлор менен жогорку окуу жайлардын мындай ымаласы абдан маанилүү экендигине токтолду. Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин студенттери үчүн мындай иш-чаралар өзүлөрүн өнүктүрүүдө жана туризм секторун азыртадан тааный баштаганына зарыл экендигин айтты.

Аталган жогорку мектептин мүдүрү, доцент Барыш Эрдем окуу жайыбыздын заманбап технологиялык инфраструктурасынан тышкары Кыргызстандагы эң заманбап ашкана Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин ашканасы экендигин белгилеп өттү.  “Бүгүнкүдөй мастер-класстар окуу жайлар менен туризм секторунун ортосундагы мамилелерди чыңдоо менен катар студенттерге да  зор тажрыйба бермекчи”,-деди Барыш Эрдем.       

 

Радио-Тв мүдүрлүгү,

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

“Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары “Манас” университетинде француз даамдары

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться