Бишкекте биринчи жолу "Кечки чуркоо"аталышындагы акция болуп өттү.
25.04.2019 күнү саат 18:30да Манас жана Түштүк Магистраль кесилишинде "Кечки чуркоо"аталышындагы акция өткөрүлүп,ага спортту сүйүүчүлөр жана Бишкек шаарынын тургундары катышты.Ошондой эле бул иш-чарага 22км аралыка чуркоо марафонунун катышуучусу Санжар Турсалиев да катышты.Ал катышуучуларга чуркоонун эрежелерин үйрөтүп,кеңештерин айтып,өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.
Акциянын катышуучулары Түштүк Магистраль көчөсүнөн Советский көчөсүнө чейин 3км чуркашты.
Бул иш-чара Бишкек шаарынын тургундарын дени сак жашоого үндөө максатында өткөрүлгөндүгүн жана мындан ары да байма-бай өткөрүлө тургандыгын уюштуруучулар билдирди.
Эскерте кетсек бул иш-чара "GREENTOUR_KG"туристтик клубу тарабынан уюштурулган.
Жазган : Калия Жаманбаева