Главная > Новости "Медиа Манас" > Дени сак улут-дени сак өлкө

Дени сак улут-дени сак өлкө


29 апреля, 12:21. Разместил: sharizat

25.04.2019 күнү саат 18:30да Манас жана Түштүк Магистраль кесилишинде "Кечки чуркоо"аталышындагы акция өткөрүлүп,ага спортту сүйүүчүлөр жана Бишкек шаарынын тургундары катышты.Ошондой эле бул иш-чарага 22км аралыка чуркоо марафонунун  катышуучусу Санжар Турсалиев да катышты.Ал катышуучуларга чуркоонун эрежелерин үйрөтүп,кеңештерин айтып,өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

    Акциянын катышуучулары Түштүк Магистраль көчөсүнөн Советский көчөсүнө чейин 3км чуркашты.

   Бул иш-чара Бишкек шаарынын тургундарын дени сак жашоого үндөө максатында өткөрүлгөндүгүн жана мындан ары да байма-бай өткөрүлө тургандыгын уюштуруучулар билдирди.

   Эскерте кетсек бул иш-чара "GREENTOUR_KG"туристтик клубу тарабынан уюштурулган.

 

Жазган : Калия Жаманбаева


Вернуться назад