Туризмде адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча жаңы долбоор » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Туризмде адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча жаңы долбоор



Туризм чѳйрѳсүндѳ адистердин кесиптик билимин жогорулатуу максатында ТИКАнын Бишкектеги координаторлугу тарабынан жаңы долбоор тууралуу маалымат жыйыны ѳттү. Долбоор “ТИКАнын ишмердүүлүгүн жүргүзгѳн ѳлкѳлѳрдѳ туризм тармагында кесиптик квалификацияны жогорулатуу” деп аталды.

Жыйын 2019-жылдын 16-январында окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында ѳтүп, ага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ТР Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана таанытуу кеңешчиси Нури Шимшеклер, ТИКАнын Бишкектеги координатору Али Муслу, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, проректорлор, туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин жетекчилиги, окутуучулар жана коноктор катышты.

Жыйын университеттин таанытуу тасмасынын кѳрсѳтүлүш менен башталды. Андан кийин туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрү, доцент Барыш Эрдем долбоор тууралуу мындай деди:

“Бул долбоор Кыргызстан жана Казакстанда туризм секторунда сапатсыз иш күчүн аныктап, билим берүү, аталган өлкөлөрдө адистигин тастыктаган документтер менен жогорку квалификациядагы кызматкерлер менен камсыздалышы жана ошондой эле кызматкерлердин потенциалын жогорулатууну максат кылууда.

Кыргызстан жана Казакстандан долбоорго катыша турган катышуучуларга мейманканаларда «Тейлөө», «Конокторду жайгаштуу», «Мейманканаларды тазалоо»,  «Ашкана», «Башкаруучу» болуп 5 бөлүмдүн алкагында, ар бир бөлүмгө 14 күн бою теориялык жана практикалык сабактар берилет. Аталган сабактар Түркиянын Анталья шаарындагы 5 жылдыздуу мейманканаларда ѳтѳт. Билим берүү учурунда Антальядагы ар кандай мейманканаларды экскурсия уюштурулмакчы. Бул окуудан кийин Түркиянын кесиптик уюму тарабынан сертификаттар тапшырылат.

Долбоордун соңунда катышуучулардын туризм тармагында кеиптик билимин жогору квалификациялуу кызматкер катары иштегендердин көбөйүшү жана ушундайча Кыргызстан жана Казакстандагы туризм чѳйрѳсү менен мейманкана индустриясынын өнүгүшүнө салым кошот деп максат кылып жатабыз”.

Долбоор тууралуу маалымат берилгенден кийин окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим берүү жана илим изилдѳѳ иштеринен сырткары коомго кызмат кылуу иштерин максаттуу түрдѳ аткарып келээрин айтып, туризм жогорку мектебинин жасаган алгылыктуу иштерине токтолду. “Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби мурунку жылдары Кыргызстанда мейманкана иштетүү секторлорунун жетекчилери үчүн тажрыйбаларын жогорулатуу максатында Түркияда 10 күндүк окуу-семинарын уюштурган. Ал эми азыркы долбоор мурункулардан айырмаланат, ал Кыргызстан менен Казакстанда туризм тармагында адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган проект болуп эсептелет. Аталган долбоор туризм секторунда иштегендер үчүн абдан зарыл. Биз университет катары Кыргызстан менен Казакстандын туризм потенциалынын өнүгүүсүнө салымыбызды кошууну миссиябыз катары көрөбүз. Андыктан долбоордун ишине жана алгачкы катышуучуларына ийгилик каалайм”, - деди.

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Кыргызстан туризмге ыңгалуу өлкө экенин жана жылдан жылга туристтердин саны, өзгөчө өнүккөн өлкөлөрдүн кызыгуусу артып жатканын баса белгиледи. “Мындан 10 жыл мурдагыга салыштырмалуу Кыргызстан бүгүнкү күнү туризм секторунда кызмат кылуу деңгээли боюнча бир топ ѳнүктү. Маселен, мейманканалардын саны өсүүдө, туриссттик гиддердин билими артууда, туризм тармагында билим берүү окуу жайлардын да тажрыйбасы өсүүдө, албетте кемчиликтер дагы жок эмес. Бирок, ошол кемчиликтерди жоюунун үстүндѳ иштеп жатабыз. Ал эми бул түзүлгѳн долбоор жаш адистердин кесиптик тажрыйбасын жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жатат. Албетте, Түркия туризмде өнүккөн өлкөлөрдүн бири. Бул эки жумалык окуу программасы жаш адистер үчүн профессионалдык жактан алдыга жылууга жол ачат деп ишенемин”, -деген пикрин билдирди.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов: “Кыргызстандын экономикасы үчүн туризм алдыңкы сектордун бири, анын өнүгүшү үчүн көптөгөн иштер жасалып жатат. Азыркы учурда сапаттуу мейманканалар ачылып, тейлөө секторлору да сапаты жагынан жакшырып жатат. Туризм секторунун өсүшү, ал чѳйрѳдѳ кызмат кылган кызматкерлердин кызматына байланышкан. Биздин негизги максатыбыз кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатып, дүйнөлүк тажрыйбаларды көрсөтүү. Андыктан бул программанын мааниси чоң. Албетте, Түркия туризм сетору боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарында. Ал жактан алган тажрыйбаны үйрөнүп, бул жерге көрсөтүп, бөлүшүү зарыл. Ал эми бул жаатта ТИКА уюму көптөгөн иштерди жасап, анын жыйынтыктарын баарыбыз көрүп келатабыз. Ошондой эле КТМУнун аракеттерине жана колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем”, - деп долбоор жакшы жыйынтыктарды берет деп кошумчалады.

ТР Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана таанытуу кеңешчиси Нури Шимшеклер туризм жаатында Түркиянын кесипкөйлүгү тууралуу сүйлѳдү. Ал: “Дүйнөлүк туризм уюмунун статистикалык маалыматы боюнча Түркия дүйнө жүзү боюнча туристтерди эң көп кабыл алган 10дун бирине кирет,  ал эми Европанын ичинде 3-өлкө болуп саналат. Түркия ар бир жылы калкынын санын жарамычылык туристтерди тосуп алат. 2018-жылкы статистика боюнча 45 миллион турист келген. Албетте,мынчалык көп сандуу туристтерди тосуу оңой иш эмес. Бул чѳйрѳдѳ жөн гана ишкананын болушу жетишсиз, сѳзсүз кызматкерлердин тейлөө кызматынын жогору болушу абдан зарыл. Жүргүзүлгѳн изилдѳѳлѳрдүн жыйынтыгы боюнча тейлѳѳ кызматынын сапаты жагынан Түркия башка өнүккөн өлкөлөрдѳн бир топ айырмаланып турат. Кыргызстандан Түркияга баруу жылдан жылга артууда, маселен, 2016-жылы 90миңге жакын киши барса, 2017де 104 миң адам, ал эми 2018-жылы 121 миңге жакын киши барган экен. Биз Орто Азиядан келген жарандарды турист катары эмес, конок катары кабыл алабыз, себеби биздин тарыхыбыз жана маданиятыбыз бир жана аны андан ары өнүктөрүүгө, карым-катнашыбыздын артышына аракет кылып келебиз», - деп Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин саламын айтты.

ТИКАнын Бишкектеги координатору Али Мусли ТИКА уюмунун максаты жана туризм тармагынын өнүгүшүнө да колдоо көрсөтүп келе жатканын айтты. «Биз айыл-чарба, ѳндүрүш жана туризм тармагына көп көңүл буруудабыз. Чындыгында туризм тармагында Түркиянын тажрыйбасы Орто Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен  параллельдүү түрдө кызматташуусу болушу керек. Түркияда туризм сектору жаңыдан өнүгүп келе жаткан мезгилде бизде дагы көптөгөн жетишсиздер болгон. Бирок биргелешип кызматташуунун натыйжасында азыркы деңгээлге жетип олтурат. Түркия менен Кыргызстандын маданияты жана меймандостугу менен окшош келишет. Ал эми мындай окшоштук кызматташууга жакшы шарт түзөт. Кыргызстандын калкынын меймандос болушу ошол эле учурда демократиялык көз карашта жана калкынын жаңы бир ишкердүүлүккө ачык болушу туризмди өнүктүрүүгө чоң негиз боло алат. Туризм тармагы мамлекеттик колдоого алынса, кыска мезгилдин ичинде ѳнүгүп кетет деп терең ишенем», -деп, катышуучуларды куттуктап, ийгилик каалады.

Ошондой эле «Супара»  этнокомплексинин жетекчиси Жаңыл Турганбаева ТИКАнын ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдирүү менен долбоордун ишине ийгилик каалады. Ал эми  жыйындын катышуучуларынын атынан Айчүрѳк Турганбаева да бул долбоордун уюштуруучуларына ар бир катышуучунун атынан ыраазычылык билдирип, акысыз тажрыйба алмашууга жана тейлөө кызматынын сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүп жатканы үчүн алкышын айтты.

Эскерте кетсек, аталган долбоор Түркияда Туризм академиялык кызматкерлер ассоциациясынын (TUADER) жүргүзүүсүндө ТРнын Маданият жана туризм министрлиги, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, ТРнын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана таанытуу кеңешчилиги, ТРнын Казакстандагы элчилигинин маданият жана таанытуу кеңешчилиги, ТР ТИКА жетекчилиги, ТИКАнын Бишкектеги координаторлугу, Кыргыз-түрк «Манас» университети, Анкара Хажы Байрам Вели университети, Эл аралык казак-түрк Ахмет Йесеви университети, Түркия туризм мейманкана башкаруучулар коому,«KALITEREST»кесипкөйлүк боюнча сынак борбору жана “Horeca Club» Кыргызстан уюмдарынын кызматташтыгы менен ишке ашып жатат.

 

MEDIAMANAS


Загрузка плеера...


Туризмде адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча жаңы долбоор Туризмде адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча жаңы долбоор Туризмде адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча жаңы долбоор Туризмде адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча жаңы долбоор Туризмде адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча жаңы долбоор Туризмде адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча жаңы долбоор Туризмде адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча жаңы долбоор Туризмде адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча жаңы долбоор Туризмде адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча жаңы долбоор

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться