Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды



«Кыргыз тилин чет тил катары окутуу: жаңычылдыктар жана маселелер» («Алтын көпүрө» окуу топтомунун мисалында) аттуу семинар-тренинг болуп өттү.

Үстүбүздѳгү жылдын 10-11-январь күндѳрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектебиндеги Кыргыз тили координаторлугу тарабынан «Кыргыз тилин чет тил катары окутуу: жаңычылдыктар жана маселелер» («Алтын көпүрө» окуу топтомунун мисалында) аттуу семинар-тренинг болуп өттү. Бул тренингге Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептериндеги кыргыз тили мугалимдери чакырылган.

Бул методикалык иш-чара чет тилди баштагыдай салттуу окутуу методикасы менен бирге эле, жаңычыл окутуу, заманбап методикалык усул-ыкмаларды пайдалануу, сабактарды кѳрсѳтмѳлүү жүргүзүү жана алдыңкы технологиялык жетишкендиктердин жардамы менен окутуп-үйрѳтүүнүн натыйжалуулугун арттыруу максатын кѳздѳдү.

 КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинин Кыргыз тили координаторлугунун эмгек жамааты бир канча жылдардан бери ПОРТФОЛИО технологиясына ыңгайлаштырып чет тилдүү окуп-үйрөнүүчүлөр үчүн  «Алтын көпүрө» окуу топтомун түзүп, иштеп келишкен. Бул чет тилдерин окутуудагы дифференцирленүүчүлүк (деңгээлдик А1, А2. В1.В2, С1) стандартта, бирдиктүү бир топтомдук түзүлүштө, тилди окутууда коммуникативдик-функционалдык багыт эске алынып жана алдыңкы технологиялык жетишкендиктерди колдонууга ыңгайлаштырылып, көрсөтмөлүүлүктү батыл колдонуп,  тил үйрөнүүчүлөрдүн деңгээлин так баалоону камсыз кылган мазмундагы жана түзүлүштѳгү окуу комплекси. Учурда анын А1, А2, В1, В2.С1 Окуу китептери жана Көнүгүүлөр жыйнагы жарык көргөн жана чет элдиктерди окутууда эффективдүү натыйжаларды алып келүүдѳ. Портфолио («portfolio») италия тилинен «документи бар папка», же «адистин папкасы», ал эми француз тилинен – «жетишкендиктин жыйындысы» деп которулат.

Бул жаңычыл МЕТОДИКАнын негизги өзгөчөлүгү окутулуучу топтун өзгөчөлүгүнө карата бардык окутуу материалдары жана окутуу усулу, ар бир тема атайын иштелип чыккандыгында. Ошондой эле окутууга, угузууга, көргөзүүгө ж.б. алынган тексттер улуттук же аймактык гана баалуулуктарды чагылдырбай, бүтүндөй дүйнөлүк баалуулуктарды, жаӊы ачылыштарды камтыгандыгында жана окутуу топтомдорунун өзгөчөлүгү көрсөтмөлүүлүккө багытталгандыгында, техникалык азыркы жетишкендиктерге ыӊгайлаштырылгандыгында. Мына ушул жаӊычылдыктарды жетекчиликке алган КТМУнун Кыргыз тилин үйрөтүү координаторлугунун эмгек жамааты жакында эле «Алтын көпүрө» аттуу анын жашоо тарыхында 3-муундагы окуу комплексин (окуу китебин, окуу колдонмосун, көнүгүүлөр жыйнагын, мугалимдер колдонмосун, техникалык каражаттар аркылуу угузууга ылайыкташтырылып үндѳштүрүлгѳн тексттерди ж.б.) иштеп чыгышкан.

2017-окуу жылынан баштап жарык көргөн жаңычыл окуу топтому менен чет элден келген студенттерди окутуп-үйрөтүү жараяны жүргүзүлүп келет. Бул окуу китебин таанытуу жана жаңычыл технологияны билим берүү мекемелерине жайылтуу максатында окуу жайдын Кыргыз тили координаторлугу тарабынан Бишкек шаарынын окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептериндеги кыргыз тили мугалимдерине семинар-тренингдер эки жылдан бери уюштурулуп өткөрүлүп келүүдѳ. 

Жакында эле Бишкек шаарынын тѳрт районунан келген 65 мугалимге чет тилдер жогорку мектебинин Кыргыз тили координаторлугунун эмгек жамааты тарабынан эки күн бою семинар-тренинг уюштурулган. 

Иш-чаранын биринчи күнүндө аталган координаторлуктун окутуучулары тарабынан Кыргыз тили координаторлугунун эмгек жамаатынын 22 жылдан бери жүргүзүп келе жаткан иш-аракеттеринин, педагогикалык, методикалык ишмердүүлүк тажрыйбалары, окуу жайында мугалимдин орду жана анын ишмердүүлүк сапатына коюлуучу талаптар ѳңдүү маселелер кѳрсѳтмѳлүү кенен чагылдырылып берилди. Ошондой эле окуу топтомунун методикалык жаңычыл өзгөчөлүктөрү, аны окутуу технологиясы, окутуудагы негизги кѳндүмдѳр болгон Окуп түшүнүү, Угуп түшүнүү, Жазуу жана Оозеки (Монолог жана Диалог) түрлөрүн кантип деңгээлдик жана коммуникативдик-функционалдык багытта үйрөтүү керек деген маселелелерге, жардамчы жана кошумча түрлөр болгон Грамматиканы жана Көрмө фильмдерди ыңгайлуу усул-ыкмалар менен берүү, Слайддар менен иштѳѳ, көнүктүрүү жана  баалоо Тесттеринин ар кандай түрлѳрүн  туура колдонуу, сабаттуулуктарын ѳстүрүү максатында Жазуу иштерин жүргүзүү, Оюн сабактарын ѳнүмдүү, ылайыктуу пайдалануу ж.б. маселелери жөнүндө техникалык каражаттар аркылуу жогорку деңгээлде, көрсөтмөлүү жана кызыктуу баяндамалар жасалды. Окуу топтомундагы тексттердин ар бир темага ылайыкталынып берилиши жана аларды ѳздѳштүрүүнү уюштуруучу усулдук аппаратты туура түзүү маселелери чагылдырылды. Баяндамалар техникалык каражаттар аркылуу кѳрсѳтмѳлүү чагылдырылып, мугалимдердин кызыккан суроолоруна  ынанымдуу жооптор берилди. Кыргыз тили координаторлугунун 22 жылда кыргыз тилин чет тили катары окутууга арналып чыгарылган жана окутууга колдонулуп келген окуу китеп, окуу колдонмо, жардамчы жана кошумча материалдарынын кѳргѳзмѳсү уюштурулган.

Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, окуу иштери боюнча проректор, профессор Анварбек Мокеев, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, доцент Таалайбек Абдиев, мүдүрдүн орунбасары, ага окутуучу Мухиттин Гүмүш жана башка кыргыз тили мугалимдери катышышты.

Семинар-тренингдин экинчи күнүндө окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы чыгып сүйлѳп, иш-чарага катышууга келген мугалимдерди куттуктады. Жалпы түрк тилдери менен бирге эле кыргыз тили жылдан жылга ѳнүгүп бара жаткандыгын, анын ѳнүгүшүнѳ жана билимдин, илимдин тили болуусу үчүн  албетте, биринчи кезекте кыргыз тили адистери терең салым кошоорун, ошондой эле келечекте окуу топтомдору сайтка коюлса, аралыктан окутууга абдан салым кошулаарын белгиледи.

Ал эми биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев бул жаңычыл окуу топтомунун чет тилдүү үйрөнүүчүлөр үчүн кандай мааниси бар экендигин, учурда окуу топтомдору тилди окутууга батыл салым кошоорун жана ыкчам өнүгүп жаткан азыркы шартта кыргыз тилин өнүктүрүүдө бул окуу топтомдорунун мааниси эбегейсиз экендигин, ар түрдүү себептер менен Кыргызстанда туруктуу жана убактылуу жашап жаткан чет элдиктер жана мекеме, ишканалардын кызматкерлери кыргыз тилин өз алдынча окуп-үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөрү кеңейээрин айтып, аны ишке ашырып жаткан жамаатка ыраазычылык билдирди.

Андан кийин чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү Таалайбек Абдиев менен мүдүрдүн орун басары Мухиттин Гүмүш окуу топтомдорунун ишке ашырылыш процесстерин, андагы алгылыктуу жаңычыл технологияларды колдонуу окутууда жаңы ийгиликтерге алып келээрин, окутуунун дүйнөлүк алдыңкы сапаттык жетишкендиктерине аралашуунун аракеттери экендигин белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын тѳрагасы Назаркул Ишекеев ѳз сѳзүндѳ, учурда кыргыз тилин окутуп-үйрѳтүү тармагы окутуунун  бардык тарабынан камтыган жана үйрѳтүүнү жана баалоону эл аралык стандарттарга ылайыкташтырган ушундай окуу топтомдоруна муктаж болуп турганын,  компотенттүүлүккѳ жана жетишкендиктерди алдын ала илимий эске алган, деңгээлдер боюнча билимге кѳнүктүрүүнү жана алган кѳндүмдѳрдү жана жетишкендиктерди баалоону так ажырымдатып берген окуу топтомдору ошондой муктаждыктарды чечүүдѳ баалуу салым кошорун белгиледи. Республиканын Быйылкы бүтүрүүчүлѳрүнүн билими В2 деңгээлинде текшерилерин жана дегеле кыргыз тилин билүүнүн деңгээлдик текшерүү жараянын ишке ашырууда ушул окуу топтомдорунун тажрыйбасына, эрежелерине таянып жүргүзүлѳѳрүн белгиледи.

Ошондой эле тѳрага келечектүү жана жалпы кыргыз тили тармагынын ѳнүгүшүнѳ  олуттуу салым кошкон иштерди жүргүзүп жаткан жамаатты куттуктоо менен бирге бир катар мугалимдерге мекеменин сыйлыктарын тапшырды. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» тѳш белгисине Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, доцент, филология илимдеринин кандидаты Таалайбек Камбарович Абдиев, координаторлуктун окутуучулары Замира Мажитова, Турдубек Мамырбаев, Айнура Бейшеева ээ болушса, «Ардак Грамотага» Венера Туратбек кызы, Назгүл Мурзакматова арзышты.

Кыргыз тили координатору Тойчубай Үсөналиев да чыгып сүйлѳп, мазмуну, дизайндык жасалгаланышы жана усул-ыкмасы да жаңычыл методикалык технологияда түзүлүп жарыкка чыккан окуу комплексин жаратып, жарыкка алып келүүдө деп, координаторлуктун эмгек жамаатынын аракеттерин ар тараптан кош колдоп колдоого алышкан, бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жаткан окуу жайдын ректоратына жана чет тилдер жогорку мектебинин жетекчилигине терең ыраазылыгын билдирди.   

Семинар-тренингдин соңунда мектеп мугалимдерине сертификаттар жана семинар-тренингди ѳткѳргѳн Кыргыз тили координаторлугунун эмгек жамаатына Ыраазычылык баракчаларыокуу жайынын ректораты тарабынан тапшырылды. Мектеп мугалимдери Бактыгүл Султанбекова (№12 Свердлов району), Перизат Дүйшѳнбаева (№25-мектеп Биринчи Май району) чыгып сүйлөшүп абдан баалуу бул семинар-тренингди уюштуруп, мугалимдерди жаңы маалыматтар менен тааныштыргандыктары жана методикалык жаңычыл усул-ыкмалар менен бѳлүшкѳндүктѳрү үчүн  Чет тилдер жогорку мектебинин Кыргыз тил координаторлугуна терең ыраазычылыктарын билдиришти. Ушундай семинар-тренингдерди ар бир райондун мектептерине барып да ѳткѳрүп беришсе, кыргыз тили мугалимдерине абдан сонун жардам болоор эле деген оюн билдиришти.

 Иш-чара эстелик сүрѳткѳ түшүү жана кофе-брейкте тил үйрөтүү жана маселелер боюнча кенен маектешүү менен жыйынтыкталды.

Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды Кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү семинары жыйынтыкталды

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться