КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОРИЕНТАЦИЯ КҮНҮ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОРИЕНТАЦИЯ КҮНҮ

Кыргыз-Түрк Манас университетинин коммуникация факультетинин даярдоо курсунун студенттери үчүн факультеттин кинозалында ориентация программасы болуп өттү. 



       19/12/2018, Кыргыз-Түрк Манас университетинин коммуникация факультетинин даярдоо курсунун студенттери үчүн факультеттин кинозалында ориентация программасы болуп өттү. 

       Ага университеттин ректору, декан, бөлүм башчылары, окутуучулар жана студенттер катышты.

       Алгач факультетти таанытуу тасмасы коюлду. Ачып берүү сөзү коммуникация факультетинин деканы Хамза Чакырга берилди. Ошондой эле Журналистика; Коомчулук менен байланыш жана реклама; Радио,ТВ жана кино бөлүмүнүн студенттери өз бөлүмдөрүн таанытышты. 

     Официалдуу бөлүктөн кийин концерттик программалар иш-чаранын экинчи бөлүгүн түздү. Анда бөлүмдөрдүн таланттуу улан-кыздары ар кайсы тилде ырдашты. 

        Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору Себахаттин Балжы концертти жыйынтыктоочу сөзүндө быйылкы программа жылдагылардан өзгөчө болгонун баса белгиледи жана  студенттерге чоң ийгиликтерди каалады. 

 

Жазган: Бегимай Арстанбек кызы

КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОРИЕНТАЦИЯ КҮНҮ КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОРИЕНТАЦИЯ КҮНҮ КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОРИЕНТАЦИЯ КҮНҮ КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОРИЕНТАЦИЯ КҮНҮ

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться