Главная > Новости "Медиа Манас" > КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОРИЕНТАЦИЯ КҮНҮ

КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОРИЕНТАЦИЯ КҮНҮ


20 декабря, 11:30. Разместил: sharizat

       19/12/2018, Кыргыз-Түрк Манас университетинин коммуникация факультетинин даярдоо курсунун студенттери үчүн факультеттин кинозалында ориентация программасы болуп өттү. 

       Ага университеттин ректору, декан, бөлүм башчылары, окутуучулар жана студенттер катышты.

       Алгач факультетти таанытуу тасмасы коюлду. Ачып берүү сөзү коммуникация факультетинин деканы Хамза Чакырга берилди. Ошондой эле Журналистика; Коомчулук менен байланыш жана реклама; Радио,ТВ жана кино бөлүмүнүн студенттери өз бөлүмдөрүн таанытышты. 

     Официалдуу бөлүктөн кийин концерттик программалар иш-чаранын экинчи бөлүгүн түздү. Анда бөлүмдөрдүн таланттуу улан-кыздары ар кайсы тилде ырдашты. 

        Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору Себахаттин Балжы концертти жыйынтыктоочу сөзүндө быйылкы программа жылдагылардан өзгөчө болгонун баса белгиледи жана  студенттерге чоң ийгиликтерди каалады. 

 

Жазган: Бегимай Арстанбек кызы


Вернуться назад