Элегия » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Элегия

Түгөлбай Казаков
14 November, 10:15 · 0 комментариев · 11314 просмотров


Сөзү - Салижан Жигитов.

Обону - Түгөлбай Казаков.

 

(Жаңы варианты)

Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө,
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө,
Теректери шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган тоо түбүндө

Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып,
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, эсиме келет менин:

Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Тоо койнуна кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
Турар эле шуулдап миң түп терек
Тигип койгон атакем жаш чагында.

Оо, мен анда бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк- уулаганым,
Уктаганым байкабай калар элем
Угуп жатып теректер шуулдаганын.
Убайымдуу алдейлеп ырдаганын.

 

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Каргадайдан бир өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
Уктап жатсак, теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырлашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Апам өлүп, андан соң атам ооруп,
Оорусунан оңолбой каза болуп,
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар
Терек муңун туйбастан щуулдаган.

Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн
Каларга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
 
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..

                                                               1968\1978


Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться