25.09 2017 күнү Кыргыз –Түрк «Манас » университетинин тарых бөлүмүндө АКШнын Индиана университетинин профессорлору семинар өтүштү.
Индиана университетинин Энн Пайберн (AnnePybern) 2005-жылдан бери Kыргызстандык археологдор жана «Манас» университети менен байыркы мурастарды сактоо багытында тыгыз иштешип келе жаткан окумуштуу. Ал 2018-жылы «Манас» университетинин жана Индиана университетинин студенттери менен биргеликте иш алып баруу ниетинде, алгач даярдык көрүү үчүн келгенин билдирди.
Индиана университетинин дагы бир профессору, ошондой эле аталган университеттин, тамак-аш изилдөө Институнун директору Ричард Вилк (Richard Wilk) өз изилдөөсү боюнча кеңири маалымат берди. Ричард Вилк өз кезегинде келечекте Кыргызстандык студенттер менен Кыргыз тамак-аштарынын антропологиялык жактан изилдөө боюнча максаттарды коюп жаткандыгын белгиледи.