Главная > Новости "Медиа Манас" > Индиана университетинин профессорлору Манаста

Индиана университетинин профессорлору Манаста


27 сентября, 15:07. Разместил: sharizat

Индиана университетинин Энн Пайберн (AnnePybern) 2005-жылдан бери  Kыргызстандык археологдор жана «Манас» университети менен байыркы мурастарды сактоо багытында тыгыз иштешип келе жаткан окумуштуу. Ал 2018-жылы «Манас» университетинин  жана Индиана университетинин студенттери менен биргеликте иш алып баруу ниетинде, алгач даярдык көрүү үчүн келгенин билдирди.

 Индиана  университетинин дагы бир профессору, ошондой эле аталган университеттин, тамак-аш изилдөө Институнун директору Ричард Вилк (Richard Wilk) өз изилдөөсү боюнча кеңири маалымат берди.  Ричард Вилк өз кезегинде келечекте Кыргызстандык студенттер менен Кыргыз тамак-аштарынын антропологиялык  жактан изилдөө боюнча максаттарды коюп жаткандыгын белгиледи.


Вернуться назад