КТМУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди Мамлекеттик тилге 28 жыл » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди Мамлекеттик тилге 28 жыл

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде тил күнү белгиленди.



Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгына быйыл 23-сентябрда 28 жыл болот. Бул маарекеге байланыштуу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде да тил күнү белгиленди. 

Иш-чара кыргыз тил координаторлугунун эмгек жамаатынын жаңы стандартта даярдалган «Алтын көпүрө» окуу топтомунун бет ачары менен башталды.

Мамлекеттик тил күнү менен университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы иш чаранын катышуучуларын кыргыз тилинде куттуктап, сөзүн кыргыз элинин белгилүү акыны Алыкул Осмоновдун ырларын окуу менен улантты. Ал КТМУ кыргыз тилин үйрөтүүнүн усул-ыкмаларын өнүктүрүү максатында окуу-материалдарын чыгаруунун үстүндө алгылыктуу иштеп келе жатканын белгилеп, «Алтын көпүрө» долбоору чет өлкөлүк жарандарга тил үйрөтүп, өзүнүн салымын кошуп келе жатат. Быйылкы жылдын дагы бир чоң ийгилиги, бул «Кыргызча-Түркчө» сөздүктүн басылып чыгышы болду. Бул эмгектин үстүндө иштеген бардык окутуучуларга ыраазычылык билдирем.», -деди.

Ал эми университеттин Биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев жакында өлкө башчыбыз А.Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясында билдирүүсүн кыргыз тилинде жасаганын баса белгилеп: «Кыргыз тили «мамлекеттик тил» макамын алгандыгына быйыл 28 жыл болду. Мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгилеринин бири тил, маданият, тарых болуп эсептелет. Кыргыз тилинин мамлекетте өзүнүн орду бар, ал тилде канчалаган мыйзамдар, жоболор кабыл алынды. Албетте, терс көз караштар да жок эмес. Негизи жаңы бир системаны орнотуу үчүн убакыт талап кылынат. Бүгүнкү информация-технологиялык, компьютердик заманда тилди талапка ылайык үйрөтүү керек. Азыркы муундарга кыргыз тилин компьютерге киргизип, интернет аркылуу жеткиликтүү кылып үйрөтө алабыз. Бул жаатта Кыргыз-Түрк «Манас» университети кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, замандын талабына ылайык усул-ыкмалар менен үйрөтүп келе жатат. Маселен, «Алтын көпүрө» долбоорунун чет элдик студенттерге тил үйрөтүп, жасаган иштерин айтууга болот.», -деп, иш-чаранын катышуучуларын мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Андан кийин Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары, ага окутуучу Мүхиттин Гүмүш жана ага окутуучу Замира Мажитова «Алтын көпүрө» долбоорунун максаты жана кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутууда окуу жайыбызда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.

Иш-чарада студенттер «Манас» эпосунан үзүндү айтып, эне тилге арналган ырларды көркөм окушту.


Загрузка плеера...


КТМУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди Мамлекеттик тилге 28 жыл КТМУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди Мамлекеттик тилге 28 жыл КТМУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди Мамлекеттик тилге 28 жыл КТМУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди Мамлекеттик тилге 28 жыл КТМУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди Мамлекеттик тилге 28 жыл КТМУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди Мамлекеттик тилге 28 жыл КТМУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди Мамлекеттик тилге 28 жыл КТМУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди Мамлекеттик тилге 28 жыл

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться