Гөкхан Текин: Мен Кыргызстанга, өз мекениме келдим » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Гөкхан Текин: Мен Кыргызстанга, өз мекениме келдим

Ырчы  Гөкхан  Текин (Gökhan Tekin»  Кыргызстанга  «Көктүрк сулуусу»  (Göktürk Güzeli) ырына клип тартуу үчүн келди.



Ошондой эле ырчы мырза «Манас» радиосунда конокто болуп, клип тартуу иштери, Кыргызстанга болгон сапары, сезимдери менен бөлүштү. Үч күнгө созулган тартуү иштери Ала-Арча улуттук паркына жакын аймакта өттү. Гөкхан Текин Кыргызстан жана чыгармасы тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду: « Мен Кыргызстанга келгенде өз үйүмө, мекениме келгендей сезимдер болду. Кыргызстанда клип тартканымдын себеби, кыргыз,түрк элдеринин басып өткөн жерин көрүп, ошону чагылдырып бергим келди. Бизди тосуп алып конок кылган «Манас» радиосуна да ыраазычылык билдирем.» Кыргызстанга алгачкы жолу келген Гөкхан Текин тартуу иштерине жардам берген Атилла Гүвенге (Atilla Güven) жана клипке тартылган актерлор жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

 Жазган: Кылычбек кызы Ырысбу

Гөкхан Текин: Мен Кыргызстанга, өз мекениме келдим Гөкхан Текин: Мен Кыргызстанга, өз мекениме келдим Гөкхан Текин: Мен Кыргызстанга, өз мекениме келдим

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться