Главная > Новости "Медиа Манас" > Гөкхан Текин: Мен Кыргызстанга, өз мекениме келдим

Гөкхан Текин: Мен Кыргызстанга, өз мекениме келдим


2 июня, 16:31. Разместил: sharizat

Ошондой эле ырчы мырза «Манас» радиосунда конокто болуп, клип тартуу иштери, Кыргызстанга болгон сапары, сезимдери менен бөлүштү. Үч күнгө созулган тартуү иштери Ала-Арча улуттук паркына жакын аймакта өттү. Гөкхан Текин Кыргызстан жана чыгармасы тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду: « Мен Кыргызстанга келгенде өз үйүмө, мекениме келгендей сезимдер болду. Кыргызстанда клип тартканымдын себеби, кыргыз,түрк элдеринин басып өткөн жерин көрүп, ошону чагылдырып бергим келди. Бизди тосуп алып конок кылган «Манас» радиосуна да ыраазычылык билдирем.» Кыргызстанга алгачкы жолу келген Гөкхан Текин тартуу иштерине жардам берген Атилла Гүвенге (Atilla Güven) жана клипке тартылган актерлор жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

 Жазган: Кылычбек кызы Ырысбу


Вернуться назад